Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиянын ректорлук кызмат ордуна Индира Кудайбергенованы дайындады. Бул тууралуу буйрукка Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо болуп, 185 добуш менен Ишенбек Сатылганов алдыга чыкса, 162 добуш менен Доктурбек Адамбеков кийинки орунга чыккан. Ал эми 7 талапкердин ичинен жалгыз талапкер аял Индира Кудайбергенова 136 добуш алган. Жыйынтыгында 3 талапкердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жиберилген болчу.
Хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенова 1956-жылы 24-мартта Кочкор районундагы Кочкор айылында туулган. 1979-жылы Медициналык институтту аяктаган.
1979-жылдан Бишкектеги Республикалык клиникалык оорукананын дарыгери;
1983-1985-жылдары клиникалык ординатор;
1985-1988-жылдары аспирант;
1988-1991-жылдары госпиталдык хирургия кафедрасында ассистент;
1991-1994-жылдары Семашко атындагы Москва медициналык стоматология институтунун докторантурасында окуган;
1994-1997-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын онкология жана нур менен диагноз коюп дарылоо кафедрасында профессор;
1997-жылдан ошол эле кафедранын башчысы жана Кыргыз онкология жана радиология илимий-изилдөө институтунун директору.
Жалпы хирургия, маммология, пластикалык хирургия боюнча адис. 25 илимий эмгектин (анын ичинде 1 монография, 3 ойлоп табуу) автору.