Ош шаарында 6 айда жумуш издеп кайрылган 6512 кишинин 486сы жумушка орношкон

Ош шаарында 2016-жылдын алгачкы 6 айында 6512 адам иш менен камсыз кылуу үчүн кайрылып, 486 адам ишке орноштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6512 жаран иш издеп кайрылган. Анын ичинен 1660 адам иш издөөчү катары каттоого турган.

"Жумушсуз жарандарды акысыз кесипке окутуу жана кайра даярдоо курстарынан 244 адамга ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу сыяктуу кесиптерге жолдомолор берилген. Убактылуу акы төлөнүүчү коомдук иштерге башкармалыкта жумушсуз катары каттоодо турган 606 адам жолдомо алган", - деп кошумчалады башкармалык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
owtu
2016-07-20 16:52:02
Ошо жумуш издеп эч таппайм корсо негизи жок экенда
+1
MIRlan
2016-07-20 17:31:15
Кыргызстаныбызда ушул, баягы эле жумушта- ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу, дворник, пол жуугуч, официантка керек деген. Башка жумуш жокта.
Качан бизде- Милицияга, врач, мугалим, заводдорго, банкка ж.б ушундай жумуштарга чакырышат? Эч качан. Тааныйсыңбы? Акчаң барбы? Пожалуйста! Кош келеңиз. :)
+3
realmadrid32
2016-07-20 19:20:50
Орношкондор ийгилик
0
zhykyo
2016-07-20 23:25:43
ЖУМУШ издеп журуп 50 чыгып калганынды билбей каласын
+1
urmat-87
2016-07-21 12:08:47
админ силерден сурайт элек Ош-иркештам жибек жолун жаракаларды жамаган бутумдарынын устуно селдин кызыл шагылдарын тогуп айдоочуларга жана айлдагыларга коопсуз абал жаратып атышат чоң-чоң таштары унаанын дөңгөлөктөрүнөн аргып жол боюндагы элдерге тийип жатат бул маселе бойунча кимдер көзөмөлдөйт ушуну тийиштүү жерлерге айтып маселени карап берсе жакшы болмок
алдын ала рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан