КҮНСЕРЕП: Шайлоо-2017. Адахан Мадумаров - алгачкы талапкер

Бүгүн, 20-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз Республикасында 2017-жылкы президенттик шайлоого старт берилди. “Ар-намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Аалам” партиялары коалиция түзгөнүн жарыялашып, шайлоо өткөрүүнүн жаңы системин сунушташты. Тагыраагы, Латвиядагы добуш берүү системин: добуштарды өзү автоматтык түрдө эсептеген сканердик урналарды колдонуу керектигин айтып жатышат. Үч партиянын лидери биргеликте берген бүгүнкү маалымат жыйынында Адахан Мадумаров президенттик шайлоого талапкер болуп чыгарын ачыктады. Ал шайлоо алдындагы үгүт кампаниясында талапкерлердин эч бирине артыкчылык берилбеши зарылдыгын айтты. Шайлоонун таза өтөрүнөн эмитен күмөн санагандар чыкты. Кыргыз мамлекетинде 2015-жылкы парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде өткөрүлүп, добуштарды автоматтык түрдө эсептеген электрондук урналар колдонулган. Шайлоонун жыйынтыгын утулганы да, утканы да тааныганын, көчөгө чыгып ызы-чуу чыгарбаганын белгилей кетүү керек.

Интернетте социалдык тармактарда президенттик шайлоо боюнча ачылган талкууларда мурунку премьер-министр Темир Сариевдин пиарчылары менен "ата мекенчилер" активдүүлүк көрсөтүүдө. Андагы маалыматтарга көз жүгүртсөк, айрым маалымат булактарындагы “Президенттикке реалдуу талапкер болуп чыгууга кайсы саясатчыда мүмкүнчүлүк көбүрөөк?” деген сурамжылоодо Темир Сариев, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев алдыга чыкканын көрүүгө болот. Айтор, улуу жарышка даярдык башталды. Эми талапкер болуп чыкчулар бекиткен компроматтарын, өлкөбүздү гүлдөтүү пландарын сандыктан сууруп чыгышат...

Ошондой эле бүгүн өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушуп, шайлоо системин жакшыртуу иштери тууралуу маалымат алды. Күзүндө өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана 2017-жылкы президенттик шайлоону адилеттүү өткөрүү зарылдыгын белгилеген президент: "Шайлоолордо ачык жана атаандаштык шарттары түзүлүп, заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык-айкындуулук, адилеттүүлүк жана тазалык принциптерине ылайык өтөрүнө кепилдик болушу зарыл", - деди.

Өлкөдө автоунаа кырсыгынан каза тапкан балдардын саны өсүүдө. 2016-жылдын 6 айында 2466 жол кырсыгы катталып 397 адам каза тапса, 3723 адам жаракат алды. Каза тапкандардын ичинен 67си, жаракат алгандардын 796сы өспүрүмдөр. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, жарым жыл аралыгында өлкөдө жаш балдар катышкан 725 жол кырсыгы катталган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын 6 айында жаш балдар катышкан 578 жол кырсыгы катталып 41 бала каза болсо, жаракат алгандардын саны 652ни түзгөн.

Балдардын күтүүсүз өлүмдөрү гана эмес, республикада жалпы жол кыймылынын коопсуздугу кейиштүү абалда. Айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү демилгелери 2014-жылы Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, мас айдоочуларга карата айыптар жогорулаган. Тагыраагы, мас абалында унаа айдап жүргөндөргө 10 миң сом, мас абалында жол кырсыгына себепчи болсо 20 миң сом айып салынып, 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Мындан башка эреже бузууларга карата да айыптын көлөмү жогорулаган эле. Андан бери бул жаатта алгылыктуу иш жасала элек. Жол кырсыктарынын бүгүнкү статистикасы айып пулдарды көтөрүү чарасы абалды жакшырта албаганын көрсөтүүдө. Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев жакында маалымат жыйынында жол кырсыктарынын жалпы саны былтыркыга салыштырмалуу 18,6 пайызга кыскарганын айтканы менен, жашы жете элек балдардын өмүрү кыйылган фактылар азайган эмес.

Айдоочулук күбөлүктөр дагы эле сатылууда, мас абалында кармалган айдоочулар айыбын төлөп-төлөбөй кайрадан рулга отурууда. 2016-жылдын февралында парламент жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов айдоочулук күбөлүктөрдү сатууну токтотмоюнча жол кырсыктарынын саны азайбай турганын айтып чыккан. “Өзүбүз баш болуп, жарандарыбыз айдоочулук күбөлүктү сатып алышууда. Автомектептерде жарандардын фамилиялары гана окуп жатат, өздөрү башка жакта иштеп жүрүшөт. 5 миң сом төлөп күбөлүктөрдү алышууда”, - деген Сулайманов. Беларусь өлкөсүндө мас абалында кармалган айдоочу 40 миң сомдун тегерегинде айып төлөйт же айдоочулук күбөлүгүнөн убактылуу ажырайт. Экинчи жолу мас абалында кармалса, автоунаасы конфискацияланат. Кыргыз жеринде колдонулган чаралар айдоочуларды “тарбиялай” албай жатат. Кырсыктарды санап отура бербей башка жолдорун издөө - учур талабы. Айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз бергени үчүн кызматкерлердин жоопко тартылганын уккан, көргөндөр жокко эсе...

Кыргыз Республикасы менен Малайзия өлкөсүнүн ортосундагы алаканы бекемдөө, Кыргыз жерин чет өлкөлүктөргө таанытуу, балдардын билим алууга, дүйнөнү таанып-билүүгө шыгын өстүрүү максатындагы кезектеги аракет старт алды. Алдыдагы бир аптада Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин демилгеси менен Ысык-Көлдө жайкы эс алуу менен айкалышкан билим берүү иш-чарасы өтөт. Иш-чарага катышуу үчүн 19-июлда Малайзиядан Кыргыз жерине келишкен англис тил мугалимдери жана мектеп окуучулары бүгүн өлкөнүн 7 облусунан келген 42 мектеп окуучулары менен бирге президент Алмазбек Атамбаев окуган Арашан айылындагы орто мектепке барып таанышып кайтышты. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов окуучуларга кайрылып, билим алуу аба менен суудай зарылдыгын айтып, аларды билимге умтулууга чакырды. Бул аталган элчиликтин 2015-жылдагы ишинин уландысы. Былтыр кыргыз окуучуларынын арасында “Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген темада жалпы республикалык дил баяндар сынагы уюштурулуп, жеңүүчү болгон 9 окуучу кышкы каникулда Малайзия өлкөсүнө барып, эли-жери менен таанышып кайткан. Быйылкы жыл өлкө башчы Алмазбек Атамбаев тарабынан Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Республиканын аймагында Тарых жана маданият жылына арналып ар кандай иш-чаралар өтүүдө. Элчилик кыргыздын маданиятын, элин-жерин чет өлкөлүктөргө тааныштырууну жакшы иш менен, балдардын дүйнө таанымын өстүрүү иши менен айкалыштырууда. Малайзиялык коноктор жана кыргыз окуучулар жакшы маанайда Ысык-Көлгө сапар алышты. Аларга Ысык-Көлдө малайзиялык жана өлкөбүздүн мугалимдери англис тили боюнча сабактарды өтүшөт.

Түркияда "аскердик төңкөрүш уюштурду" деп айыпталып жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүленге тийиштүү делген 24 телерадиостанция жабылды. Түркиялык басылмалар жазышкандай, гүленчилерге каршы операциянын алкагында 34 журналисттин ишмердүүлүгү токтотулуп, Билим берүү министрлигинин 15 миң кызматкери, университеттердин 1500дөн ашуун деканы, Дин иштери боюнча башкармалыктын 490го жакын кызматкери, премьер-министрдин аппаратынын 257 кызматкери жана чалгындоо кызматтарында иштеген 100 киши иштен айдалды. Буга чейин 35 миң аскер, полиция кызматкерлери, судьялар жана мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынганы маалымдалган эле. Түркия бийлиги АКШ бийлигинен Гүленди мекенине өткөрүп берүүнү талап кылып жатса, Гүлен да АКШ жетекчилигине кайрылып Эрдогандын колуна салып бербөөнү өтүндү. "Мен АКШ өкмөтүнөн мени Түркияга өткөрүп бербөөнү суранам. Түркиядагы кандуу кармашка эч кандай тиешем жок", - дейт ал. Түркиядагы президент Эрдогандын тарапташтары өлкөдө 2003-жылы жоюлган өлүм жазасын кайра киргизүүнү суранып жатышат. Түркия президенти эл коюп жаткан талаптарды аткарбай коё албасын, козголоңчуларды өлүм жазасына тартууну оппозиция менен талкуулай турганын билдирди. “Өлүм жазасы төңкөрүш жасоого аракет кылгандарга гана колдонулушу мүмкүн”, - деди президент. Айтор, Гүлендин жактоочуларын кысымга алуу күчүндө. Кыргыз жеринде да Гүленге караштуу массалык маалымат каражаттары, коомдук кайрымдуулук фонддору иштейт. Кырдаал мындай темпте өнүгүп отурса, Эрдогандын “гүленчилерден тазалануу” чабуулу өлкөбүзгө да жетиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан