Ош шаарындагы оңдолуп жаткан жолдордун абалы текшерилди (фото)

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте шаардын негизги жана ички жолдорунда жүргүзүлүп жаткан чуңкурларды бүтөө иштерин текшерди.

Кадырбаевдин айтымында, жолдор сапаттуу болуш үчүн тынымсыз көзөмөл жана мыкты техника болуусу зарыл. Андыктан ал жагы да учурда сүйлөшүлүп жатканын кошумчалады. Бул тууралуу 20-июлда мэриянын маалымат кызматы билдирди.

“2016-жылга карата чуңкурларды бүтөө иштеринде негизинен Ак-Буура дарыясынын оң жана сол жээк бөлүгү жана Амир-Темир кичи районунун жолдору боюнча план түзүлүп, анын негизинде 17,0 миллион сомго тендер өткөрүлгөн. Тендерди "Сын-Таш" ишканасы 11 687 000 сомго утуп, бүгүнкү күндө чуңкурларды бүтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Акчаны үнөмдөп, жолдорду каалаган учурда, кайсы мезгил болбосун оңдоп кетүүнү пландап, атайын техника сатып алууну көздөп турабыз”, - деди Кадырбаев.

Аталган көчөлөрдөгү чуңкурларды бүтөө иши сентябрь айынын акырына чейин аяктайт. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын М.Али-Жиннах жана Алиев көчөлөрүндө жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
sagyn01
2016-07-20 17:18:35
Мен кореяда жашайм, жолдорун коруп суктанасын, мындай жамак жолдорду издеп да таппайсын, ХХХ Кадырбаев, (кореяга жете албасанар да,жок дегенде жамак жолду токтоткулачы, элестеткиле ар жери жамалган шым кийип бараткан адамды.
+14
admin_portal
2016-07-20 17:26:26
sagyn01, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
-11
bekhaliev
2016-07-20 17:22:13
40 жамак болуп кетиго жаны эле асфальт басып койгулачы азырак жеп
+13
leilekstan_1987
2016-07-20 17:28:09
Зебраны (пешеход) тез арада сызсанар жамалып буткондок кийин. Эрте м.н мени машине уруп кетишине аз калды. Айдоочу наборот мага тап берет бул жерде зебра жок деп зебранын ордун чукуп асфальт басып салганын билбей корбой эле
+7
realmadrid32
2016-07-20 18:46:53
Ошто ар 100метрге коррупциянер ГАИлерди койгондун ордуна ушу жолдорду сапатуурак жамаш к-к
+6
tashi62
2016-07-20 18:48:52
Жолдор жамак тамтыгы чыгып кетти . Жамайт беш айда кайра жок болот кыскасы алдамай заман .
+3
Ailo
2016-07-20 18:53:24
Араванскийде чакыч тебелеп алып дагы деле чыкпай жатат) Жол ондогондордон кечирим сурайм)
+7
tyrgon
2016-07-20 18:59:07
Уялбай беттерини бетон кылып эптеп жашай бергиле дегенсип чиренип турушеандарын
+3
BubleGum
2016-07-20 19:09:15
жолдор, жолдоооор...ондолбос болдунар гооо ((( Дук-дук, гырт-гырт, тарак-турак, гыйч-пыйч...Согунгон шоопурлар (( жургунчулордун "недовольный" лицолору, Оштун ысыгы ((( неси болсо да, Кудайга шугур!
+5
Shef87
2016-07-20 22:06:02
ушу айтмаматтын атын да уккум келбей калды
+4
Cho
2016-07-21 03:47:49
амур темур деп мага нах кыргызча болбойбу же узбекстанда манас деген кочо барбы тугандар
+2
malikkkg
2016-07-21 04:56:06
Юго восток эмеспи
0
djigit90
2016-07-21 09:49:59
эхх Мелис Мырзакматов болгондо Ош шаары Дубайдан кем эмес шаар болот эле.
+3
bek.kgz
2016-07-21 12:02:53
Уномдоп отуруп жол оз калыбында калбасын)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан