Ырчы, обончу Токон Эшбаев тирүү болгондо бүгүн, 21-июлда 66 жашка толмок. Ал 1950-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. Студент кезинде "Ай, эжеке" деген ыры менен таанылган. 1992-жылы "КРнын Эмгек сиңирген артисти", 2011-жылы "КРнын Эл артисти" деген наамга татыган.
Токон Эшбаевдин "Жаштык", "Кызыл желек", "Атама", "Ак тилек", "Чаткалым", "Ак көйнөкчөн аппак кыз" өңдүү жүздөн ашуун обондуу ырлары Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган.