Нарында ажылыкка бара тургандар эмдөөдөн өтүшкөнүн муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Андан соң аларга ажылыктын шарттары тууралуу маселелер айтылды. Нарын районунун башкы имамы Кумар Орозалиев болочок ажыларга бардык шарттарды түшүндүрүп өттү. Муну менен катар суроо-жооп болуп, ар бирине так маалыматтар берилди.
Эскерте кетсек, быйыл Нарын облусу боюнча 27 адам өздөрүнүн ажылык парздарын аткарып келмекчи. Алардын 20сы эркектер болсо, 7си аял кишилер.