Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жакырчылыкты жоюу боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен келишимди узартты

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жакырчылыкты жоюу боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен келишимди узартты. Келишимди узартуу боюнча келишимге бүгүн, 21-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана БУУнун Азык-түлүк программасы боюнча директору Рам Сараванамутту кол койду.

Маалым болгондой, узартылган келишим 2017-жылдын аягына чейин иштейт. Келишимдин негизги максаты жумушсуздукту жоюу, жакырчылыкты кыскартууга багытталган.

Буга чейин 2014-жылы алгачкы ирет келишим түзүлүп, мөөнөтү 2016-жылга чейин созулган.

"Келишимдин алкагына БУУ Кыргыз Республикасына 16,8 миллион АКШ долларын бөлгөн. Эки жыл аралыгында 490 долбоор ишке ашырылган. Долбоор мындан ары өлкөнүн бардык облустарында кайрадан иштеп баштайт", - деп билдирди министр Базарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан