Кытайдагы математика боюнча эл аралык олимпиадага Кыргыз Республикасынан барган 6 окуучу байгелүү орунга жетишкен жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда SUPER.KG порталына Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Республикалык олимпиаданын жыйынтыгында алдынкы орунга ээ болгон окуучулар тандалып алынып, Гонконгдо өткөрүлгөн математика боюнча 57-эл аралык олимпиадага катышып келишти. Алар командалык эсепте ийгилик жарата алышкан эмес. Аталган билим сынагына Бекжол Жолдубай уулу, Саадинур Азисбек уулу, Дослан Жекшеев, Абдыганы Исаев, Илларион Абдыкаимов жана Жылдыз Камбаралиева катышты.
Маалыматка ылайык, олимпиадага жалпысынан 109 курама команда катышкан. Эл аралык математикалык олимпиадада Кытай өлкөсүнүн окуучулары 1-орунду камсыздашса, Түштүк Корея кийинки баскычка жеткен.
Бул эл аралык билим сынагы 1959-жылдан бери өткөрүлүп келет.