Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган Ысык-Көл жээгиндеги окутуу программасы учурда кызуу уланууда. Окуучулар кереметтүү көл жээгинде окуу менен бирге көңүлдүү эс алып жатышат. Кызыктуу оюндар уюштурулуп, окуучулар өз жөндөмүн, талантын көрсөтүү менен алек болушту. Эртең мененки эс алуу учурунда балдар-кыздар чогулткан гүл, дарактардын жалбырактары, тобурчак жана башка өсүмдүктөр менен тайпалаштарынын бирин кооздоп, жасантышты. Тайпа мүчөлөрү окуучуну кантип "жасантышканын" англис тилинде түшүндүрүп беришти. Оюндун максаты - колдо бар нерседен кооз, керектүү буюм жасатып, окуучулардын фантазиясын өнүктүрүү.
Эскерте кетсек, долбоор мамлекеттер аралык достук мамилени чыңдоо, мектеп окуучуларынын кошумча билим алууга кызыгуусун арттыруу жана башка өлкөлөр менен мамиле курууга, алардын маданиятын үйрөнүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө үндөө, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо максатында уюштурулган.