Ош облусунда 70 имамга атайын окутуу курстары жүргүзүлүп, сертификаттар тапшырылды

Ош облусунда 70 имамга атайын окутуу курстары жүргүзүлүп, сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Ош облустук казыятынан билдиришти.

Ош облусунун Араван, Кара-Суу жана Ноокат райондорунан катышкан 70 имамдын билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын окуу курстары уюштурулган.

"Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуудагы максат, алар коомдо өрнөк болчу адамдар. Жүрүм-туруму, жасаган мамилеси, сүйлөгөн сөзү менен адамдарды тарбияга чакырып турушу керек. Ошондуктан окуу курстарын уюштурганбыз", - деп билдирди Ош облусунун казысы Нургазы Каримов.

Белгилей кетсек, имамдар үчүн окуу курстарын Мусулмандар дин башкармалыгы жана “Ыйман” фонду биргеликте уюштурган.

"Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоордун алкагында диний сабактардан сырткары “Тайм-менеджмент”, “IT-технология”, "Исламдагы укук негиздери" жана “Сүйлөө чеберчилиги” сабактары окутулган", - деп кошумчалашты казыяттан.

Эскерте кетсек, алдыда Ош облусунун имамдарын окутуунун экинчи этабы башталмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek.kgz
2016-07-22 17:55:12
Тез-тез болуп турса, буйруса...
0
Rifle_S
2016-07-22 23:26:05
Мен түшүнбөдүм, имамдарды же молдолорду сабатсыз деп айткандарга. Мисалы менин медициналык билимим бар, мага эконом.же юридикалык билимдин эмне кереги бар ? Мен адамдарды дарылайм.
О.э. молдолорго башка билимдин эмне кереги бар ? Аларга ислам илими жетиштүү . Элди ыйманга чакыруу ж.б.у.с. иштерди аткарышат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан