Өкмөт башчы Тараз-Талас-Суусамыр жолун реабилитациялоо ишинин жүрүшү менен таанышты

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда Талас облусуна жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында Тараз-Талас-Суусамыр жолун реабилитациялоо ишинин аткарылышы менен таанышты.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекет өлкөнүн унаа жолдорун куруу жана реконструкциялоого чоң көңүл бурууда. Ошол эле учурда иштин сапаттуу аткарылышы зарыл экендигине басым жасап, бул Транспорт жана жол министрлигинин ишин баалоодогу башкы критерий болуп саналарын эскертти. Сооронбай Жээнбеков жалданма компаниянын өкүлдөрүнө кайрылып, техникалык нормалардын бардык талаптарын сактоого чакырды.

Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров маалымдагандай, учурда аталган жолдун
75-105-чакырымын камтыган реконструкциялоо ишинин 3-фазасы ишке ашырылууда.

Жалпысынан Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 199 чакырымы оңдолот. График боюнча оңдоо иштери 2017-жылы аяктайт. Оңдоо иштери донорлордун жана өкмөттүн эсебинен жүргүзүлүүдө. Аталган долбоорго Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фонду донор болуп саналат. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион доллар каралган.

Министр белгилегендей, 3-фазадагы реаблитациялоо иштери үстүбүздөгү жылы аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан