Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиянын ректорлугуна Индира Кудайбергенованын дайындалышына "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү каршы чыгып, маалымат жыйынын өткөрүштү.
"Шайлоодо үчүнчү орунду алган Кудайбергенованын ректор болуп дайындалышы - акыйкатсыздык. Ал адам кызматка татыксыз болчу. Өкмөттүн бул чечими миңдеген шайлоочуларды сыйлабастык", - дейт Кубан Шаршембаев.
Бирикменин мүчөсү Айчүрөк Камаева: "Азыркы шайланган Индира Кудайбергенова деген айым убагында "Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева менен досмун" деп көкүрөк кагып жүрчү. Мен ойлойм, азыркы бийлик көзүн ачып, ректорлук кызматка татыктуу адам коёт деп. Индира Кудайбергенова Бакиевдер менен иштешип жүргөн адам".
Белгилей кетсек, 20-июлда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиянын ректорлук кызмат ордуна Индира Кудайбергенованы дайындаган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо болуп, 185 добуш менен Ишенбек Сатылганов алдыга чыкса, 162 добуш менен Доктурбек Адамбеков кийинки орунга чыккан. Ал эми 7 талапкердин ичинен жалгыз талапкер аял Индира Кудайбергенова 136 добуш алган.