Балыкчы шаарында жааган мөндүрдүн тийгизген кесепетинен келтирилген чыгым 10 миллион сомдон ашты

18-июль күнү кечке жуук 20 мүнөт катуу жааган жаан аралаш мөндүрдүн кесепетинен Балыкчы шаарынын ички ирригациялык каналдары толуп, ашып, шаардын ички көчөлөрүн, турак жайларды суу каптап кеткен. 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан 700 литр күйүүчү-майлоочу май өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга бөлүнүп берилген. Андан сырткары ар кандай оорулардын чыгып кетишине каршы байкоо жүргүзүлүп, суу каптаган үйлөр жеринен
дизенфекцияланды.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 10 715 225 сомдук материалдык чыгым келгени аныкталганы 22-июлда белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aidai5555
2016-07-22 14:46:42
... каарына алганда,
ак жайдын күнү жут болот... (Жеңижок)
+2
eldarhik
2016-07-22 14:58:56
Aidai5555,кимдин каарына калганда
0
no.comment
2016-07-22 15:20:04
eldarhik,
Каарына алуучу бироо эле болушу керек ээ..
0
Aidai5555
2016-07-22 16:16:12
eldarhik, ))))) ошол жери жазылбаптыр... Бирок Жараткан түшүнсө болот го...
0
talant87
2016-07-22 15:45:51
озбектер мондур жаса асманга аткылап жамгырга айлантат бизде андай жок чыгымга учарап олтурат
0
Kitep
2016-07-22 16:06:05
talant87,противоградовых отрядды балыкчыга алып баргыча мондур жаап бутот.андайлар мондур коп жааган жерлерде гана болушат.Балыкчыга кокустан жаады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан