Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда Талас облусундагы бир күндүк иш сапарынын алкагында К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, курулуш-монтаждоо иштери 2008-жылдын июль айында башталган. Курулуш иши башталгандан тарта бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 113 миллион сомду түзөт.
"Бүгүнкү күнгө карата иштин 75 пайызы бүткөрүлгөн, аны жыйынтыктоо үчүн болжол менен 65 миллион сом керектелет", - дейт Мамбетов.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, президент тарабынан 2016-жыл Тарых жана маданият жылы катары жарыялануусунун алкагында бардык маданий объектилер, анын катарында Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын курулушу жыйынтыкталууга тийиш.
Өкмөт башчы Турдубек Мамбетовго аталган облустук театрдын курулушунун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүлүшүн камсыздоону тапшырды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков андан соң Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Турдубек Мамбетов маалымдагандай, аталган мектеп 375 орунга ылайыкталган. Курулуш иштери 2018-жылы аяктайт. Ал белгилегендей, быйыл Талас облусунда төрт социалдык объектини пайдаланууга тапшыруу пландаштырылууда. Анын ичинде эки мектеп К.Медетбеков атындагы драма театры жана калкты таза суу менен камсыз кылуучу суу тазалоочу жайы бар.