Бүгүн, 22-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кол чатыр чуусу менен көпчүлүккө таанымал Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов кызматтан алынды. Башкы прокуратурадан “прокурор өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде иштен алынды” деп билдиришти. Кызматтан кетүү себебин түшүндүрүп прокуратура да, прокурор өзү да комментарий берген жок.
2016-жылдын май айында Чүй облусунун 90 жылдык мааракеси белгиленип жаткан жерде прокурор Сулайманкулов бирөөгө кол чатыр карматып, өзү эки колун артына алып турган сүрөтү интернетке тарап, чиновниктердин мындай "бай-манаптык" жоруктары коомчулук тарабынан катуу сындалган. Бул талкуулар президент Алмазбек Атамбаевге чейин жетип, өлкө жетекчиси үстүбүздөгү жылдын июнь айында мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктоодо кыргыз чиновниктеринин "бай-манаптык" жоруктарын сындап өткөн эле. “Мамлекеттик кызмат - элге кызмат кылуу, муну унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин “бай-манаптык” кылык-жоруктары коомубузда терс бааланып жатат. Эл алардын жупуну болушун талап кылууда, бул адилеттүү доомат. Алдыбызда мамлекеттик кызматкерлердин моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртууга багытталган кадрлар менен иштөөнүн жаңы системин ишке ашыруу иштери күтүп турат”, - деген президент. Мамлекеттик кызматкерлердин моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртуу ошентип Сулайманкуловдун кызматтан алынышы менен старт алды көрүнөт. Башкаларга үлгү, эскертүү катары...
Үстүбүздөгү жылдын май айында Нарымбаев-Коркмазов окуясы боюнча соттук отурумда күбө катары көрсөтмө берген депутат Өмүрбек Текебаев ишти иликтеген тергөөчү шалаакылык кылганын, окуяда аты аталган Ольга Плотникова боюнча маалыматты серверден прокурорлор эмес, өзү таап чыкканын айтып прокуратура өкүлдөрүнө күнөө койгон. Бул учурда мамлекеттик айыптоочу Нурлан Сулайманкулов Текебаевге Кылмыш-процессуалдык кодексинин кайсы нормасынын негизинде парламенттин маалымат бөлүмүн тинтүүгө алганын сурап кайрылган. "Ата Мекендин" лидери: “Мен депутатмын, мен сиздин Кылмыш-процессуалдык кодексиңиз менен эмес, Конституция, депутаттын статусу жөнүндө мыйзамдар менен иштейм. Ал күнү мен сиз, сиздин Кылмыш-процессуалдык кодексиңиз жөнүндө ойлонгон да эмесмин!” - деп жооп узаткан.
Сөзүнүн аягында Текебаев бул кылмыш иши боюнча прокуратура өкүлдөрү өздөрү жооп берип калышы мүмкүн экенин айтып, аларга “эмитен даяр болгула” деп эскертүү кылган. Негизи, “ата мекенчилер” Нарымбаев бир адамдын көрсөтмөсү менен гана айыпталып жатканын, анын камалышына негизги илинчек болгон фактынын бурмаланганын айтып келишет. Аталган прокурордун Нарымбаев-Коркмазов боюнча иши Ак үйдөгү кимдир бирөөлөргө жакпай калып, кол чатыр окуясы аны кызматтан кетирүүгө жакшы шылтоо болуп бериши да мүмкүн. Болбосо майлуу-сүттүү кызматтан олуттуу күнөөсү жок баш тарткан чиновниктер Кыргыз жеринде жокко эсе. Кызмат үчүн тырмышып, андан кол жууп калса оппозиция тарапка өтүп кетмей адаты жакшы өнүккөн...
Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту парламент депутаты Жыргалбек Саматовду мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Саматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча БШКнын 8-июлдагы чечимин буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту мыйзамдуу деп тапкан, Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырды. Муну менен Саматов депутаттык мандаттан биротоло кол жууду. “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Орусиянын жараны болгону үчүн Саматовду парламенттеги командасынан чыгаруу керектигин айтып келсе, аталган депутат башка өлкөнүн жараны эместигин билдирип БШКга Орусиянын тийиштүү мекемелеринин документин көрсөтүп жаткан. БШК ал документ жасалма деген жыйынтыкка келди. 2015-жылы башталган алгачкы тирешүүлөрдө соттон утуп чыгып мандат алууга жетишкен Саматов акыры утулду. Бабанов болсо өзүнө ыңгайсыз бир депутаттан кутулуп, Саматов ээлеп турган креслону өзүнүн таасири өтө турган депутатка берип, фракция лидери катары өз позициясын бекемдеп көңүлү тынч алды.
Өзүнүн чакан учагы менен Жер шарын айланып чыгууну пландаган кыргыз учкучу Союзбек Салиев премьер-министрдин кабыл алуусунда болду. Өкмөт жетекчиси учкучту 21-июлда кабыл алып, анын демилгесин патриоттуулук катары баалады. Жолугушуунун жыйынтыгында Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин тапшырды, учкуч аны дүйнө жүзү боюнча жасалчу саякатында жанында алып жүрмөкчү. Салиев өлкөдөн 10-июлда учуп чыгууну пландап жаткан, премьер менен жолугушууда старт август айынын башына жылдырылганы белгилүү болду. Ал учагы менен Араб чөлдөрүн, Ариканск саванналарын, Бразилия чытырман токойлорун, Амазонка дайрасын жана башка аймактарды басып өтөрү, жалпысынан 47,6 миң чакырымга учары күтүлүүдө. Учкучтун өкмөттөн колдоо алышы жакшы көрүнүш. Адатта спортчулар ири мелдештерге жөнөр алдында мамлекет жетекчилиги кабыл алып, кыргыз намысын короочу улан-кыздарга дем-күч берет, мамлекеттин туусун тапшырат. Салиевдин демилгеси да өлкөнү дүйнөгө даңазалоо аракети. Соңку убактарда өлкө башындагылар кыргызды дүйнөгө даңазалап жаткандарга көңүл буруп жатканы байкалууда.