Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында Тарых жана маданият жылына карата иш-чара өткөрүлдү. Анда кыз узатуу салты сахналаштырылып, кыз узатканда колдонулган каада, ырым-жырымдар жана оюн-зооктор көрсөтүлдү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ошондой эле кыз куумай, эр эңиш, тыйын эңмей оюндары ойнолуп, комуз чертилип, бий тартууланып, салттуу селкинчек тебилди. Арстанбапта эс алып жүргөн Венгрия, Франция, Польша, Орусия, Германиядан келген туристтер кыргыз элинин тарыхына кызыгып, суроолорду берип жатышты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.