Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапар алкагында Талас шаарындагы Ветеринардык дарт аныктоо аймактык борборуна барды. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, борбордун башкы милдети – малдын, анын ичинде канаттуулардын, балыктардын, аарылардын жана башкалардын ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча диагностикалык иликтөөлөрдү жүргүзүү.
"Борбордо патологоанатомиялык, бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык, биохимиялык, токсикологиялык жана радиологиялык лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлөт", - деди ал. Ошондой эле ал аталган аймактагы Дарт аныктоо борборунун жаңы имаратынын долбоорун сунуштады, анын сметалык наркы 20-25 миллион сомго жакын эсептелет.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков борбордун жаңы имаратынын курулуш процессин тездетүүнү тапшырып, аталган борбордун Талас шаарынын борбордук базарынын жанында ыңгайлуу орунда жайгашкандыгын белгиледи.
Андан соң өкмөт башчы Кара-Буура районундагы малды идентификациялоонун ишке ашырылышы менен таанышты. Калысбек Жумакановдун маалыматы боюнча, малды идентификациялоо боюнча аталган пункт смартфон жана компьютерлер менен толук камсыздалган, ошондой эле интернет байланышы орнотулган. Учурда Кара-Буура районунда 20дан ашуун ветеринарлар жана башка адистер тийиштүү окутуудан өтүшкөн.
Жээнбеков белгилегендей, малды идентификациялоо иши айыл чарба жана эт азыктарын экспортко чыгарууда аларды эл аралык стандарттарга дал келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.
"Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кирүүдө бир катар милдеттерди аткаруу талабы коюлган. ЕАЭБ курамындагы өлкөлөргө продукцияларды экспорттоодо коюлган талаптарды аткаруу зарыл. Малды идентификациялоо процессин алдыга жылдырууда бардык күчтү бириктирип, калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү керек", - деп белгиледи өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, Кыргыз мамлекети ЕАЭБ курамына кирүүнүн алкагында бир катар милдеттенмелерди алган. Ага ылайык, карантиндик жана фитосанитардык лабораториялар системи ЕАЭБ талаптарына жооп бериши керек.
Бул үчүн биринчи этапта Талас, Ысык-Көл облустарында карантиндик жана фитосанитардык лабораторияларды реконструкциялоо, жабдуу жана адистерди окутуу багытында 26 миллион сом талап кылынат.