СУПЕРСТАН: "Кайненеме эмне деп кайрыларымды билбей кыйналгам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайненеӊизге кантип кайрыласыз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мен кайненеме "апа" деп кайрылам. Башкача айтуу оюма да келбептир. Жолдошум менин апамды "мама" деп айтат. "Эне" деген деле ыйык сөз, менимче".

"Эне" дейм, өзү ошентип айтылып келген. "Апа" деген сөз жакында эле чыкты да. Негизи, "апа" же "эне" дегенден эч нерсе өзгөрбөйт, экөө теӊ ыйык сөз".

"Мен турмушка чыгып жатканда апама "кайненемди эне деп айтам" дегенимде өз апамдан уруш жегем. Апам кайненемди "апа" деп айттырган. Бир-эки жума айта албай кыйналгам".

"Мен турмушка чыккандан кийин "апа" да, "эне" да деп айта албай кыйналгам. Сөзүм болсо шыр эле сүйлөй берчүмүн. Анан апам эмне деп кайрылып жатканымды сураганда "эч нерсе, айта албай жатам" десем, "апа" деп кайрыл деген. Ошентип акырындан үйрөндүм. Кайненем "апа" дегенимде аябай сүйүнгөн".

"Апа" деген кандай сонун! "Апа" деп койсо тил тешилип кетпестир. Кайнененин кайненесин "эне" десеңер жарашат. Мен "апа" деп кайрылам. Эгер өзү эле "минтип айт, каралдым" деп калбаса".

"Менин жолдошумду таята, таенеси багышкан экен. Ошол себептен үйлөнгүчө апасын "эже" деп жүрчү. Мен келгенде жолдошумдун туугандары "биздин апа деп айт дегенибизди укпай койду, эми сен үйрөтчү" деп күлүп калышкан. Мен "сен эже десеӊ, демек, мага да эже болот, мен да ошентип кайрылайын" деп жатып үйрөтүп алгам. Кээде ушуну эстегенде күлүп калабыз. Ошол боюнча калганында балдарыбыз не дешмек?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
lexus47
2016-07-23 11:42:17
Негизи апа деген бироо эле да, аты эле айтып тургандай кайын эне. эне деп кайрылуу керек илгертен ошондой. мени кайын энем апа десин деген экен апа деп журдум
+1
sirgak_92
2016-07-23 11:52:47
Apa dep kairylasyn da je brat degin kelip ataby
-3
lexus47
2016-07-23 11:57:02
sirgak_92, Сен мага суйлодунбу?
0
Altynbekakyn5
2016-07-23 11:52:57
Кагылайын Кайнене.
Келдиңизпи кайра эле.
Бала багып кир жууп.
Келтиресиз пайда эле.
+1
secretik
2016-07-23 13:57:21
Мага апа деп кайрылган жагат энесин эне деп кайрыласын да.
-3
leilek_suluktu
2016-07-23 17:00:56
Кайнене бул апама окшош болот экен
0
arzygulR
2016-07-23 20:48:39
Эне деп кайрылган эле туураго озундун апанды апа дейсинда апа бироо эле
+3
shadyeva
2016-07-23 22:03:33
Оа апа бирөө эле мен да эне деп айтам
+2
Minu9289
2016-07-23 22:38:23
Менда апа деп кайрылам апа десен жакын болот
0
tokish
2016-07-24 11:21:55
Менин уйлонгонумо 8 жыл болду. Бирок келинчегим менин апамды апа дебейт. Не кылуу керек? Ошондойду коруп туруп журогум сыгылып келет... Жардам бериниздерчи. Эмне кылам?
+1
aminali
2016-07-24 19:19:20
tokish,журогунузду сыкпаныз анча ,мумкун абдан ыйык коруп абдан сыйлайттыр!!!
0
shadyeva
2016-07-24 22:31:58
tokish,апа дебесе эмне дейт анан
Эне дейби? Же эне да дебейби ......
0
tyrgon
2016-07-24 11:26:23
Куйо бала кайненесинчи :)
0
Kroxa
2016-07-25 10:20:45
Журоко жакын апа,эне,мама баары эле ЭНЕ,..
0
admin_portal
2016-07-25 12:29:12
lexus47, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
ziko_kt
2016-07-25 20:37:20
Апа деген азыр мода болуп кетти. мурдагылардын баары эне дешчу экен. Анан мен да заманга карай "апа" дегем. Озумдун апам руксат берген. Кайненен жаш экен, эне десен жарашпай калат, оозун оюлбайт апа десен ,мен капа болбойм деген учун апа деп калгам. Кайненем алтын адам. Апа деген созго алтындыгы учун да, алтындай уулду мага тороп бергени учун да ашыгы менен татыктуу менин апалап корсоткон сыйыма. Апалар баары биздин бешенебизге аман болушсун, биз корсоткон сыйлардын баары насип этсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан