Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде Космонавттар сейил багы ачылды

Ысык-Көлдөгү "Кыргыз деңизи" пансионатында Космонавттар сейил багы 22-июлда салтанаттуу ачылды. Ал жай Советтер Союзунун учурунда дүйнөнүн ар кайсы жагынан келген белгилүү космонавттардын эс алуучу жайы болуп, алар тарабынан дарактар отургузулуп, аллея негизделген. Эми аталган жайдын уландысы катары сейил багы да ачылды. Анда бардык космонавттардын урматына эстелик орнотулган.

Салтанаттуу иш-чарада "Кыргыз алтын" ишканасынын мыкты кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылып, акчалай белектер ыйгарылды. Соңунда бул жай мындан ары да гүлдөп-өнүгүп, эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулаган жай болсун деген тилек менен космонавттардын урматына орнотулган эстелик расмий ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azizbek.kg8
2016-07-24 16:30:26
Эптеп септе ачып койушуптур
+5
B.B.Sadykov
2016-07-24 20:41:39
Azizbek.kg8,эптеп септеп ачылган сейил бак сага жакпаган болушу мумкун,борок сенин неберелерине кудай насип кылса, аларга жага турган деңгээлге жетет иншаАллах
+2
marmiladka9
2016-07-24 19:07:26
жупуну корунот экен козго... эстеликтен башкасы
+3
Belek2070
2016-07-25 03:22:55
Аста секинден колздолота эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан