Малайзиялык мугалимдердин Ысык-Көлдө окуучуларга билим берүүсү түнгө чейин уланууда (фоторепортаж)

Малайзиялык мугалимдердин англис тили боюнча окутуу программалары өз нугунда уланууда. 22-июлда эртең менен окуучулар Ысык-Көлгө кеме менен саякатка чыгышкан эле. Түшкү тамактануудан соң окуучулар жаңылмачтардан айтышып, англис тилине тилдерин жатыктырышты. Сабак тажатма болбош үчүн балдар караокеде ырдап көңүл ачууга да жетишишти. 2 сааттык окуудан кийинки убакыт тыныгууга берилди.

Сабактардын уландысы кечке маал башталды. Анда окуучулар 3 топко бөлүнүп, малайзиялык мугалимдер ала келген китептер боюнча түрдүү тапшырмаларды аткарышты.

"Малай мугалимдери бизге жаңы келип жаткан заманбап программа боюнча окутуп жатышат. Азыркы өтүлгөн ыкманын артыкчылыгы - синоним сөздөрдүн жардамы менен окуучу мугалимдин оюнда кайсы сөз катылгандыгын таап, сөз байлыгын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Эгер сөздү таппай баратса, ар кандай мисалдарды келтире калабыз. Ошондой эле сабакта кыргыз жана орус тилдерин колдонбой жалаң англис тилинде түшүндүрүүгө аракет жасап жатабыз. Бул окуучулардын англис тилинде эркин баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзүүдө", - дейт Кыргыз өлкөсүнөн катышып жаткан мугалимдердин бири Алина Турдалиева.

Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gulanda2007
2016-07-23 08:36:03
Азаматсынар ,ийгилик балдар!!!
0
souza.j
2016-07-23 09:24:55
Келечек ээлери,Алга!
0
ruslanz
2016-07-23 13:00:30
Малай мугалимдери биздин муг-ден мыкты бекен.
0
bagynbas
2016-07-23 13:33:06
Малайзия катуу кызыктыго кыргыздарга эмнегедир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан