22-июль күнү саат 22:12де Өрт өчүрүү кызматына "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан Тарых музейинде өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жалпысынан өрт өчүрүүгө 5 даана өрт өчүрүүчү унаа, 60тан ашык куткаруучу, "Тазалык" ишканасынын 5 кызматтык унаасы, "Тез жардам" кызматынын 5 бригадасы, Биринчи Май райондук ИИБинин 50 кызматкери жана 10 даана кызматтык унаа тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22:12де чыккан өрт саат 04:42де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоо музейдин төмөнкү кабатындагы баалуу буюмдар жок жайдан тутанган, андыктан анын кесепетинен экспонаттар жана имарат жабыркаган жок.