Окуучулар "Рух-Ордо" маданий комплексине барып, кыргыз элинин бай маданияты, улуу инсандары тууралуу маалымат алышты (фоторепортаж)

Ысык-Көлдө англис тили боюнча окутуу программалары көңүлдүү өтүп жатат. Адаттагыдай эле эртең мененки баарлашуудан кийин, 1 сааттык окуудан соң окуучулар көл жээгине барышты. Алар волейбол ойноп, сууда сүзүп, кээ бири жөн гана чалкыган көлгө суктанып отурушту.

Убактыларынын ар бир мүнөтүн көңүлдүү өткөрүп жаткан окуучулар түшкү тамактануудан кийин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий комплексине сапар алышты. Маданий борбордо кыргыз элинин тарыхы, маданияты, улуу инсандары, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу окуучуларга кызыктуу маалыматтар айтылып жатты. Бир тарабын тоо, бир жагын көл курчаган комплекстин аурасы окуучуларды таасирлентип, ордонун кызматкеринин кызыктуу баяндамасын кунт коюп угушуп, аны экскурсиянын соңуна чейин ээрчип жүрүштү.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган долбоор мамлекеттер аралык достук мамилени чыңдоо, мектеп окуучуларынын кошумча билим алууга кызыгуусун арттыруу жана башка өлкөлөр менен мамиле курууга, алардын маданиятын үйрөнүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө үндөө, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо максатында уюштурулган.

Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kimbar
2016-07-24 00:01:13
Азаматсыздар!!!
0
bom.bon
2016-07-24 03:07:44
Ушинтип кыргыздын окуучуларында айландырып тарыхыбызды маданиятыбыз менен тааныштырса соонун болмок.
0
abusait
2016-07-24 03:13:46
Бул окуучулардан да 400сомдон алыштыбекен? Кируу акысы ото кымбат карапайым калк учун.
0
Azura
2016-07-24 09:58:55
abusait,мен да билет баасын ойлодум.через чур кымбат.
0
kgalik
2016-07-24 23:49:23
билет баасы кымбат деген досторум учун, билеттин баасы кымбат эмес, чет олкого барсан андан кымбат, ал жерге тарыхыбызды баалаган кирет, тарыхыбызга кызыккан кирет, болбосо жанакы тарых баалабагандар интерес учун киреберет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан