ЭЛДИК КАБАР: Ала-Бука районунда сел алган көпүрө калыбына келтириле элек

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында 7-июлда сел жүрүп, көпүрөнү алып кеткен. Ошондон бери тургундарга кыйын болуп келет. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"М.Касымов атындагы көчөнүн тургундары 500 сомдон чогултуп, көчөнү өз алдынча оңдодук. Өкмөт жардам берген жок. Ал эми көпүрөнү калыбына келтире албай жатабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Hernandez
2016-07-24 17:12:41
Жолдорунар асфальт го, биздин жолдордун абалына мышык ыйлайт, сел каптап кеткенден кийинки абалына маймыл ыйлайт
0
Rifle_S
2016-07-24 18:12:20
Hernandez,маймылыңар да барбы ?
0
Isken.der
2016-07-24 18:26:00
көпүрөнүн сүрөтүн да жөнөтпөптүрсүң автор!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан