ЭЛДИК КАБАР: Окурман Ош шаарында оорукананын жанында музыка коюп, салтанат уюштургандарга нааразы

Окурман Ош шаарынын борборундагы ооруканалардын биринин жанында музыка коюп, той өткөрүп жатышканы тууралуу маалымат жиберди. SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "оорукананын алдында музыканын үнүн катуу чыгарып, салтанат өткөрүү мүмкүн эмес го" дейт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
MIRAN
2016-07-24 15:40:44
Эми уйум больницанын жанында эле деп эми кызын куйоого бербей же баласын уйлондурбой коюш керекпи.Мисалы шариятта деле бир уйдо олум бир уйдо кыз узатуу болсо кызды узатып анан олукту чыгаратго.Менимче бул жерде той эмнс эле мырзалим самсасы жак эмеспи.
+10
Elmar
2016-07-24 16:14:57
Той болгону жакшы да олум болбосун эч нерсе болбойт музыка ны катуу койсо тойда болот тойдун эртесида болот жиберген Адам ушунчалык ичин кара болбосо эмне аа.....
+9
joni_91
2016-07-24 16:35:28
Оорукананы салып атканда ойлонуш керек болчу
-2
Rifle_S
2016-07-24 18:09:14
joni_91,оорукана союз учурунда салынган болуш керек ?
0
Labadax
2016-07-24 16:39:32
Азыр баардык оорукананын жанында жеке менчик уйлор бар,эми ошо уйлордо той аш,шаан шокот музыка болбош керекби.Бул кабарды кайсы ### жиберди экен.
+4
tynara81
2016-07-24 17:28:19
Үйү оорукананын жанында болуп турса эмне кылсын алар. Бардык эле адамдар эл катары жакшылыгын эл менен бөлүшкүсү келет. Кабардын максаты эмне? Эми аларга барып, үйүңөр оорукананын жанында болгону үчүн, шаан- шөкөт уюштурууга тыюу салынат деш керекпи...
+1
TPUMOl
2016-07-24 17:30:00
Ош Кардио го. Айланасында Озбек туугандар жайгашкан. Алар 2-3 саат эле музыка койсо керек билишимче. Ушуга да ушунча кыжалат болбосон. Эми эмне орулууларга мишайт беребиз деп той да откорбой койсунбу?
+1
tynara81
2016-07-24 17:32:29
Кардиология борбору экен, жакшылык болуп аткан жер аларга деле жакшы маанай жаратып, көңүлүн көтөрүшү мүмкүн. Эми ошол үйдө бирөө жарым каза болсо (анын бетин ары кылсын албетте) , үн көтөрүп ыйлашат да. Ошондо да тыюу салсынбы же, үйүңөр жүрөк оору ооруканасынын жанында, үн чыгарып ыйлабай узаткыла деп..
+1
Isken.der
2016-07-24 17:46:26
жүда мүмкүнда))
0
Rifle_S
2016-07-24 18:11:30
Бул жерде көңүл кош карагандар башыңардан өткөн эмес . Жаны кыйналып жатканда музыка эмес, жанындагы туугандарын да урушкан учурлар болот. Азыр ар кандай курулуштар башаламандык менен курулган үчүн ар кандай окуялар болот.
Мисалы АЗАНДЫ Бишкекте кеч киргенде тыюу салганга чейин барышып жатат го. Музыкага баарыңар колдоо кылып жаткандай.
-5
malikovich
2016-07-24 23:30:07
sabyrduu boloilu tuugandar!!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан