Каракол шаарынын Жамансариев атындагы көчөсүндө дарбыз саткан сатуучуларды милиция кызматкерлери соода кылдырбай кубалап жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Эшиктерди күчкө салып жаптырып жатышат. 20дан ашык КамАЗдын арткы бөлүгү (дарбыз ошол жагына коюлуп сатылат) жабылды. Сатуучулар буга нааразы. Эмнеге кубалап жаткандарын түшүндүрүшкөн жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.