Орусиялык басылма кыргыздагы "ала качуу" көрүнүшүн иликтеп, 20 жаштагы кыздын тагдырын жазды

Орусиялык басылмалардын бири экинчи жолу Кыргыз жериндеги айымдардын укугунун тебеленишине арнап макала жазды. "Келин уурдаганга камак жок. Эмне үчүн Кыргыз мамлекетинде үй-бүлө курууну кылмыш менен баштоо кадимки көрүнүш?" деп аталган макалада кыргыздагы "ала качуу" көрүнүшү, анын курмандыктары баяндалат. Айнура аттуу 20 жаштагы кызды ала качуу окуясы жазылат.

Айнуранын апасынын макулдугун алган мурда үйлөнүп ажырашкан жигит кызды ала качат. Барган жеринде аны никеге макулдук берүүгө мажбурлашып, көп өтпөй Айнура Казакстандагы курбусу аркылуу окуяны милицияга кабарлайт. Келин ал үйдөн кеткени менен, үйүнө баруудан коркуп, курбуларынын үйүндө жашап жатканы айтылат макалада. Ошондой эле эч кимге доомат артпай турганын айткан. "Өч алуу менен эч нерсеге жетише албайсың. Болгону баарын тезирээк унутууну каалайм", - дейт жабырлануучу. Ал эми кыздын апасы бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишип, кызынын турмушун бузганын айтып милицияны айыптап жатыптыр жана бул окуя боюнча сотко арыздануу ниетинде.

Макалада "Открытая линия" фондунун Кыргыз мамлекетиндеги келиндердин орду тууралуу иликтөөсү берилет. Анда кыргыз келиндери "кыймылдуу мүлктүн бир түрү" деп сүрөттөлүп, келин үй-бүлөгө киреше алып келүүчү, бала төрөөчү, үй иштерин жасоочу жана күйөөсүнүн үйүндөгү бардык жакындарын тейлөөчү милдетке ээ экендиги белгиленет. Кыргыздын менталитети, аялдардын үй-бүлөнү сактоо милдети, ата-энелердин кызын калыңга сатуу жөрөлгөсү тууралуу укук коргоочулардын, социологдордун пикирлери айтылат.

Аталган басылма буга чейин кыргыз үй-бүлөлөрүндөгү аялдарга жасалган зомбулук тууралуу макала жарыялаган. Анда кыргыз келиндеринин күйөөсүнүн басмырлоосуна чыдап жашоосу кадимки көрүнүш катары сүрөттөлүп, бул жагдай кылымдап келе жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
kaidiger
2016-07-25 10:37:18
Оооба эртен менен эле лента.рудан окудум эле.Окуп алып биздин салттарыбызга уялып кеттим чычылап танайын десен чын нерсе жазылыптыр.Биздин жигиттерден сураныч замандын агымынан артка калбагылачы кыздар менен оболу таанышкыла кыздарды суйдурткуло озунорго тарткыла анан турмуш кургула кара кучко салып апкелип алып омур бою сени суйбогон адам менен жашаганча
+10
ALATOOLUK.JIGIT
2016-07-25 10:56:37
Ала качуунун эмнеге жакшы жактарын жазбайт? Мисалы Данияр менен Жамийла сыяктуу? Ушул берууну коргондун баары кыргызды жапайы деп ойлоп калды. Эмнеге ХХХ мончок издегендей биздин кемчилигибизди чукулайт булар? Силердин уйлонуп,жигит ата-энесин таштап келинчегинин уйундо жашаганын айтпадык го биз?
+3
kaidiger
2016-07-25 11:12:06
ALATOOLUK.JIGIT,ошо баардык алакачкан жигит менен кыздардын ортосунда данияр менен жамиляныкындай суйуу бар дейсинби бизди жапайы кылды деп чычалап атасын деп чычалап атасын 21 кылымда бул нерсе чын эле жапайычылыкго.Эмнеге биздин жигиттердин эрки жетпейт кыздар менен таанышканга суйроп уйго эптеп киргизип койсо нары жагын ажылдаган женелери баса калып кызды жулкулдатышып ой боюна койбой кийиндирип кошогого тыгып коюшат ушинтип башталганы жакшыбы турмушун
+7
admin_portal
2016-07-25 11:29:18
ALATOOLUK.JIGIT, этика нормаларын сактаңыз!
-6
Aidai5555
2016-07-25 11:03:00
ХХХ кыз ала качууну кайра-кайра берип жатып "жек көрүндү" кылып бүттү эле, эми булар калышкан тура. Негизи, баары мурдун тыга беришчү болду, биздин салт-санаа, жашоо образыбыздан кемчилик издеп. Көк бөрүдөн да издешет, кыз ала качуудан да, тойдогу ысырапкорчулук, сөөк коюудан, бешикке бөлөөдөн да кынтык табышкан ж.б. Ушинтип кийлигишип кеткени жакпайт да, чындап тажата башташты...
+2
admin_portal
2016-07-25 11:30:30
Aidai5555, курамы окшош сайттарды жарнамалоого жол берилбейт!
-7
tynara81
2016-07-25 11:10:35
Ала качуу салтынын жакшы да жаман да жактары бар. Сүйбөгөнгө берээрде сүйгөнү менен качып кетүү да жакшы эле жагы болсо керек:). Дагы бир себеп, жактырган кызын бирөөгө бермек болуп жатышса, андан мурун алайын десе той берип, калың берип үйлөнүүгө шарты жок болсо, ала качты кылып үйлөнгөндөр бар. Мени деле ошентип ала качкан, 13 жылдан бери сопсонун жашап жатабыз, ала качуу салтына ырахмат айтып:).
+5
KGstan1981
2016-07-25 14:32:17
Алакачуу бул бир эле кыргыздарда эмес бул ошол эле кавказ элдеринде жана казактарда кенири жайылган салт.Эмне у-н аларды жазбайт эмнеге дегенде билишет биздин экономикабыз начар, Ажобуз ыр ырдаштан колу бошобойт.Оздорунучу билишпейби ата энелерин карыганда уйдон кууп чыгышып дом присторелыхтарга берип коюшат.
0
gulsin
2016-07-25 17:33:38
Чындыкты туура кабыл алышыбыз керек.мени менен иштеген 4 кыз бар.баары эрден ажырашкан, себеби аларды алып качып турмушка мажбурланып аттанышкан.ушул кыздардын окуялары баары бири-бирине окшош:алардын айтуулары боюнча,баарынын жигиттери болгон,алып качып кеткенден кийин мажбур турмуш курушкан.Бирок суйбогон,билбеген адам менен бир тошокто жатып, тааныбаган адамдарга жагыш,кызмат кылуу ото кыйын.Жок дегенде, жубайын сени суйгон,сен суйгон болсо турмуш аз болсо да женилирээгин айтып капа болушат.
+1
gulsin
2016-07-25 17:42:03
Айтайын дегеним, маселе,той жасап келин алуу башкача.Ошончо чыгым жасап, тойго ошончо акча сарптап уйлоногон эркектер бир аз болсо женил ойлонуудан алыс болушат.Ал эми алып качып келди, аял даяр болсо,кетириш да оной.Ошон учунбу ал аялын каалагандай уруп, каалагандай озу ойноп, башка катын алып,бир соз менен айтканда баркын билбейт.
+1
Belek2070
2016-07-25 18:54:26
Мен деле бир кызды сыртынан жактырып калып алып качып уйлондум эле, бир ай жашагандан киин мунозу тусу жакпай калып ажырашып кетимго, анын эмнеси бар экен...эми башкасын четоп журом.
-4
Frunze74
2016-07-25 19:07:47
Кыз-жигит суйлошуп, бир-бирин жактырып же сындан откоруп анан турмуш жолуна аттангандары дурус, суйбогон-тааныбаган бироону алып качып уйлонуп алып эми суй деп кыйнагандан коро. Бирок суйлошуп уйлонгондордо деле казан-аяк кагышып ажырашуулар болуп турат. Алып качып уйлолгондор арасында бактылуу жашагандар бар, турмушуна балта чабылгандар менен катар. Айрымдары кыздын "кыз" экенине ишенуу учун да алып качып уйлонгондор бар гимменопластика онуккон заманда...
+2
zhusaliev89
2016-07-25 19:12:12
Азыр алып качып уйлонгондор ото аз барып барып жок болот бул
0
Frunze74
2016-07-25 19:13:55
zhusaliev89, байкалбайт го...
0
Frunze74
2016-07-25 19:13:05
Айтор 2 тарапта тен "+,-" бар.
0
zhumagul89
2016-07-25 19:24:36
Экоо бирин-бири жактырса ала качмактан башка кылсын,анан бир эле коргон кызды качырып кеткенда болбойтда. Азыр коп учурда келиндерди качырып кетип жатышыт бир коруп эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан