Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 3-туруна 779 гранттык орун калды

Жогорку окуу жайларга абитуриент кабыл алуунун 3-туруна карата 779 гранттык орун калды. Маалыматты 25-июлда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирип, 2015-жылы
3-турга 1087 гранттык орун калганын эскертип өттү.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи айлампасынын жыйынтыгында 1831 абитуриент кабыл алынды. Тагыраагы, 2-турга каралган бюджеттик орундардын 84 пайызы толду. 2015-жылы 78 пайызы толгон. Абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру 25-30-июль күндөрү өтөт. Гранттык орундарды бөлүштүрүүнүн башкы критерийи - конкреттүү багыттар боюнча эмгек рыногунун талабы, эмгек ресурстарына болгон талаптар боюнча божомолду эске алуу экени айтылды.

Быйыл ЖОЖдорго кирүү үчүн сынакка жалпы 26 миңдей абитуриент катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lion.
2016-07-25 13:57:15
Мен контрактка оттум бугун
0
Nursultankyrgyz
2016-07-25 14:28:12
Lion.,Ассалому алейкум!Кайсыл окуу жайга тапшырдын?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан