Тарелкаларды кыргыздын оюу-чиймелери менен кооздоп, туристтерге саткан татар кызы

Мындан 15 жыл мурун сүрөт тартууну баштаган Гузаля Шафиева - татар кызы. Ал кадимки эле тарелкаларга кыргыз оюуларын түшүрүп, анын кандай жасаларын SUPER.KG порталына айтып берди.

- Өзүм С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктагам. Окууну аяктагандан кийин тез эле бул кесиптин жемишин көрө алган жокмун. Сүрөтчү, дизайнер болгондуктан, алгач үйлөрдүн, кафелердин ички дизайнын жасап жүрдүм. Акырындык менен буйрутмалар түшүп, кардарларым көбөйүп, итим чөп жей баштады.

"ИДЕЯНЫ ИНТЕРНЕТТЕН КӨРҮП, ХОББИ КАТАРЫ АЛЕКТЕНИП КӨРӨЙҮН ДЕГЕМ"

- Ал эми тарелка бетине сүрөт тартууну мындан 3 жыл мурун баштагам. Бул идеяны интернеттен көрүп, эмне үчүн кыргыз орнаментин тарелка бетине түшүрүүгө болбосун деп, хобби катары тартып жүрдүм. Минтип элдин суроо-талабы өсүп, кызыгуу көп болгондуктан, тарелкалардын санын көбөйтүп, сатыкка алып чыккам. Азыр күнүнө 5-6 тарелка сатам. Баасы 300 сомдон 800 сомго чейин. Көбүнчө сырттан келген туристтер алып кетишет. Демек, кыргыз элинин улуттук оюулары түшүрүлгөн "Шырдак" аталышындагы тарелкалар чет элдиктердин үйүндө да илинип турат десем болот.

ЫСЫК МЕШТЕ КАКТАЛГАН КАДИМКИ ТАРЕЛКАЛАР

- Тарелка бетиндеги боёк акрил деп аталат. Алгач таза, жазуусу жок кадимки эле тарелкаларды сатып алып, ага акрил боёгун жабам. Ал кургагандан кийин дагы бир боёк коём. Антпесе боёк агып кетет. Ар кандай түстүү боёктор менен оймо-чиймелерди, гүлдөрдүн сүрөттөрүн түшүрүп, ысык мешке салам. Ал кургап, катып калгандан кийин жуусаң дагы кетпейт жана өңү өчпөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulya21
2016-07-25 17:02:21
Молодец
+7
jalalabad93
2016-07-25 17:13:51
Вот это талант))молодец
+6
Dinaa
2016-07-25 17:27:02
оо сонунго жагып калды тарелкалар.
+5
KGstan1981
2016-07-25 18:31:21
Мына муну сурот десе болот жана мыкты денгелдеги суротчу деп атаса дагын жарашат.Кээ биролору болсо Ажонун кызынын болбогон эле суроторун макташат.
+4
Kimbar
2016-07-25 19:26:41
Азаматсыз. Талантынызга таазим. Коруп алып кубандым. Ар бир чет элдиктин уйундо илинип турса бул чон жетишкендик.
0
Sajakat14
2016-07-25 20:21:42
Изденген азамат экен!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан