"Өзгөн шаардык ооруканасынын дарыгерлери жумушуна кечигип келишкендиктен, ооруканада кезек күткөндөр көп", - деп нааразычылыгын билдирди окурман 25-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кайрылып. Анын билдиришинче, жумуш убактысы саат 8:30да башталса, 9:12 чамаларында бирин-экин гана медайымдар менен практикант кыздар жүрдү. "Бул аралыкта эле "көзүмдү текшертем" деп келгендердин саны 21ге жетти. Бул кенебестикпи же көнүмүш адатпы?" - деген окурман медицина кызматкерлерин жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.