Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсү, 92 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу үйдүн 10-кабатынан курулуш калдыктары жанындагы турак үйдүн аймагына кулап түшкөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү жарандардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө опалубканын бөлүктөрү жана башка курулуш калдыктары кошуна үйдүн аймагына түшкөнү аныкталган. Бул жагдай тургундардын коопсуздугуна коркунуч жараткан.
Аныкталган мыйзам бузуулар үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Арт Вин” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилген.
Министрлик курулуш компанияларын коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды.