"Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевди №47-колонияга мекеменин жетекчиси А.Каримов киргизбей койду" деген маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы четке какты. ЖАМКнын билдиришинче, абактын жетекчиси ичкериге аудио-видео жабдууларды, фотоаппараттарды киргизүүгө болбой турганын түшүндүрүп, жабдууларды атайын бөлмөгө тапшырууну сунуштаган. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 23-беренесине ылайык, акыйкатчынын тоскоолдуксуз абакка кирүүгө укугу бар экени, ал эми фото, видео жабдуулары соттолгондордун макулдугу жана мекеменин администрациясынын уруксаты менен гана киргизилери айтылды.
Мындай талапка көнбөгөн акыйкатчы №47-колониядан кетип калган. Белгилей кетсек, Кубат Оторбаев кечээ абактын жетекчиси ичкериге киргизбей койгону үчүн Башкы прокуратурага кайрыла турганын ырастаган.