Аксы районундагы асфальт-бетон заводу толук кандуу иштеп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда аталган заводдун жетекчиси Максат Алымкулов SUPER.KG'ге билдирди.
Курулуш иштерин Япониядан келген адистер ишке ашырып, иштөө технологиясын үйрөтүп кетишкен. "Бүгүнкү күндө Кашка-Суу айыл аймагында 2 чакырым, Кара-Суу айыл аймагында 2 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталат. Биз ага асфальтты даярдап берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди Алымкулов. Анда 17 кубаттуу техника иштеп жатканын кошумчалады.