КҮНСЕРЕП: ММК, соцтармактагы "митингдер" бийликти ийге келтирди

Бүгүн, 26-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Көз карандысыз өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экени боюнча Кыргыз Республикасы өз алдынча чечим кабыл ала алат. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун "Кыргыз жеринде Фетхуллах Гүлендин террорчул уюму төңкөрүш уюштурушу мүмкүн" деген сөзүнө байланыштуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ушундай жооп кайтарды. "Кайсы бир өлкөнүн тышкы иштер министринин башка бир мамлекетке кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын, айрыкча ультиматум коюп, шантаж кылуу аркылуу айтылган билдирүүсүн туура эмес деп эсептейбиз”, - дейт кыргыз министрлиги.

Түркиядагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин президент Режеп Тайип Эрдоган козголоң уюштурууга диний аалым Фетхуллах Гүленди айыптап чыккан. Эрдогандын “гүленчилерден тазалануу” чабуулу эми минтип расмий каналдар аркылуу Кыргыз жерине жетти. Мындай болушу мүмкүндүгүн SUPER.KG порталы өткөн аптада "Күнсерепте" билдирген эле. Кыргыз бийлиги Түркиянын бийлиги менен жакшы мамиледе. Түрк министринин кайрылуусу расмий Анкаранын позициясын билдирет, демек, бул жагдай кыргыз-түрк мамилесинин солгундашына алып келиши мүмкүн. Экономикалык байланыштар солгундашы ыктымал. Азырынча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жообуна Түркия өкмөтү комментарий бере элек...

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин борбордук бөлүгүн эски курулуштардан тазалоо боюнча демилгелеген мыйзам долбоорун артка чакыртып алды.

Ошентип, шаардын борбордук бөлүгүндө 1996-жылга чейин курулган курулуштарды мэриянын балансына алып коюп, ээсине компенсация төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоору актуалдуулугун жоготту. Мыйзам демилгеленген күндөн тарта социалдык тармактарда кызуу талкууланып, көпчүлүк "Ата Мекендин" лидерин "карапайым калктын мүлкүн күчтөп тартып алганы жатат" деп сындап келишти. Долбоордун артка кайтарылышы - эл митинг, көтөрүлүшсүз эле өзүнүн таламын талашса болорун, ал эми бийлик эл менен эсептешерин көрсөттү. Бул демократиянын белгиси. Көчөлөрдө болбогону менен, "митингдер" массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда болду. Жыйынтыгы - элдин үнү бийликке жетти.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына бара турган спортчуларды кабыл алды. Мамлекет башчы спортчулар менен баарлашууда эл аралык мелдеште ийгилик багындыруу үчүн өлкөнүн чоң же кичинеси маанилүү эместигин белгилеп, "Евро-2016" чемпиондугундагы Исландия командасынын оюнун мисал келтирди. “Жүрөгүңөрдө жалын бар кыргыз спортчулары, эл жеңиштерди сагынды", - деди президент. Жарышка аттанар алдында мамлекет башчыдан жылуу пикир угуу спортчулардын демине дем кошуп, жоопкерчилигин күчөтөт. Алардын жеңиш менен кайтышын өлкө жетекчиси баштаган 6 миллион кыргыз да күтөт. XXXI Олимпиада оюндары быйылкы жылдын 5-21-август күндөрү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан