Алмазбек Атамбаев Олимпиада оюндарына аттана турган спортчулар менен жолугушту (фоторепортаж)

Бүгүн, 26-июлда "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына аттана турган спортчуларды кабыл алды. Өз сөзүндө президент спортчуларга ийгилик каалап, жолдомо алуу биринчи ийгилик экенин белгиледи.

"Жакында футбол боюнча Европа чемпиондугунда Исландия курамасы Англия курамасын утуп, сенсация жаратты. Калкынын саны 300 миңдин тегерегинде болгон мамлекеттин спортчулары мамлекеттин чоң же кичинекей экени мааниге ээ эмес экенин далилдеди. Жүрөгүңөрдө жалын бар кыргыз спортчулары, эл жеңиштерди сагынды. Каатчылыкка карабай өкмөт, Олимпиада комитети болгон аракетти жумшады. Биз силерди жерге тийгизбей көтөрүп жүрөбүз. Жаңы ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багындыра бергиле", - деди президент.

Президент сөз сүйлөгөн соң ар бир спортчу менен эстеликке сүрөткө түштү. Андан соң өлкө желегин Олимпиадага аттанчу курамдын капитаны, балбан Арсен Эралиевдин колуна тапшырды. Спортчу өз кезегинде президентке улуттук курамдын формасын белекке берди.

Кошумчалай кетсек, Бразилияда өтө турган Олимпиадага 19 кыргыз спортчусу барат. Жолдомо ээлери: жеңил атлетикадан Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, Илья Тяпкин, грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев, Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова,мушкерЭркин Адылбек уулу жана оор атлетчилер Изат Артыков, Жаңыл Океева, дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев. Ошондой эле атайын чакыруу менен сууда сүзүү спорту боюнча Денис Петрашов жана Дарья Таланова мелдешке катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
take.kg86
2016-07-26 10:35:21
Баарыңарга ийгилик алдыңкы орундарды камсыздап келгиле деп аллахтан дуа кылып сурап турабыз
+4
daniyar84
2016-07-26 10:41:45
Желек бергенде эмне акчалай комок корсото алдыбы.
-4
Rasul1987
2016-07-26 10:49:28
daniyar84,желек менен кошо ары жактан акча берсе керек да сен экөөбүз билмек белек
-2
tim11ai
2016-07-26 10:56:54
Ийгилик!!!
+1
KGstan1981
2016-07-26 11:11:55
А деп ыр ырдай эрбей спортчуларыбызга финансалык колдоо корсотуп, спорт сарайларды ачып турсаныз сиз айткандай ийгиликтерди жана бийиктиктерди багындыртышат.
-4
rukopashnik
2016-07-26 11:27:26
АШАбыз костюмдун дагы размери чоңун кийип алыптыр а...
Айсулуу Тыныбековадан үмүтүм чоң,болбоду дегенде КҮМҮШ алып келет го.
-4
akyn-jurogu
2016-07-26 12:21:23
Айсулуу Тыныбековага ишенем. Ушул кызыбыз буйруса биринчиликти алат!
+1
beksultan.kasymov
2016-07-26 15:56:21
Эмне дейбиз...ийгилик..))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан