Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда өкмөттүн коомдук кабылдамасына жазылган жарандарды кабыл алды. Жарандар өкмөт башчыга талаштуу жер тилкелери, материалдык көмөк көрсөтүү, айыл чарба продукцияларына карата баалар жана бажы тарифтерине тийиштүү маселелер боюнча кайрылды.
Сооронбай Жээнбеков ар бир кайрылуучу менен маектешип, жарандардан түшкөн кайрылуулар жана сунуштар мамлекеттик органдар тараптан каралып чыгып, республиканын мыйзамдарына ылайык чечилерин белгиледи. Бүгүнкү жолугушууда көтөрүлгөн маселелер боюнча өкмөттүн аппаратына тийиштүү тапшырмалар берилди.
Премьер-министрдин кабыл алуусуна төмөнкүлөр келишти:
Чүй облусунун Чүй районунун Искра айылынын тургундары Руслан Шерматов, Кумарбек Боромбаев, Бурул Дүйшөналиева;
Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын жашоочусу Чолпон Сулайманова;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кеңеш айылынын тургуну Лира Сүйүнтбекова;
Талас облусунун Талас районундагы Жерге-Тал айылынын тургуну Мелис Садыралиев;
Бишкек шаарынын жашоочулары Буркан Жумабаева, Мирбек Мурзабеков, Абдылда Копашов жана Жаныбек Артыкбаев.