Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн танк айдоочуларынын курамасы "Алабино" аскер полигонуна барган соң "Танк биатлону" жана "Суворов чабуулу" аттуу сынактардын чүчү кулагына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан бүгүн, 26-июлда кабарлашты.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн танк айдоочулары 16 өлкөдөн келген атаандаштары менен ат салышат. Алар: Азербайжан, Армения, Ангола, Беларусь, Венесуэла, Зимбабве, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кувейт, Монголия, Никарагуа, Орусия, Сербия жана Тажикстан.
Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча командалар Т-72БЗ орусиялык танктарын бөлүштүрүп алышса, Беларусь менен Кытай өздөрүнүкү менен катышууну чечишкени маалым болду.
"Биз ушуну менен үчүнчү ирет "Танк биатлонуна" катышуудабыз. Өткөн жылы 13 команданын ичинен 6-орунду алсак, 2014-жылы 7-орунга ээ болгонбуз. Бул жылы катышуучулардын саны көбөйдү, бирок биз алдынкы орунду алганга аракет кылабыз. Анын үстүнө биздин танк айдоочулардын көпчүлүгү өткөн жарышуулардан тажрыйба алып калышкан", - деди команданын машыктыруучусу, подполковник Мурат Матраимов.
"Танк биатлонуна" 54 экипаж катышып, алгачкы жарыш 30-июлда башталып, анын жүрүшүндө үч мыкты экипаж аныкталса, ар бир өлкөнүн экипаждарынын көрсөткүчтөрү менен 12 мыкты курама аныкталып, жарым финалга чыгышат. Андан соң 4 мыкты команда финалга жолдомо алат. Финалдык жарыш 13-августта болот.