15-августтан баштап паспорт-виза бөлүмдөрү документтерди каттоосуна эмес, жашаган жерине карап кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-августтан баштап Бишкек шаарынын бардык райондорунда жана Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында документтерди кабыл алмакчы. Иш-чара "Паспорт", "Жарандык актыларды каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системинин алкагында жүзөгө ашат. Ал эми Ош, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча паспорт-виза бөлүмдөрү документтерди 2016-жылдын сентябрь айынан тарта кабыл ала баштайт.
Буга чейин паспортту Бишкектеги аймактар аралык калкка кызмат көрсөтүү борборлорунан же каттоого турган жеринде гана алууга мүмкүн болгон.