Көчмөндөр оюндарына карата "Манас", "Тамчы" аэропортторунда коопсуздукту күчөтүү тапшырмасы берилди

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча оперативдүү штабдын жыйынын өткөрдү.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымдагандай, сентябрь айында өтүүчү Көчмөндөр оюндарында коопсуздукту сактоого 4 миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери тартылат, 2 миңден ашуун автоунаа каражаттары пайдаланылат. Жыйында коомдук тартипти камсыздоо чараларын дыкат карап чыгып, ишке ашыруу максатында укук коргоо жана тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Мындан тышкары “Манас” Эл аралык аэропорту менен “Тамчы” аба майданындагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча деталдуу планды иштеп чыгуу, “Манас” аэропортунан Бишкек шаарына жана Чолпон-Ата шаарына карай жолдордогу коопсуздуктун алдын алуу тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан