2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы менен Мамлекеттик салык кызматынын 20 кызматкерине тартиптик жаза чаралары колдонулду. Аталган мекемеден билдиришкендей, бир кызматкерге ээлеген кызматына ылайык келбестиги тууралуу эскертүү берилип, 4 кызматкерге катуу сөгүш, 7 кызматкерге сөгүш жарыяланды. Дагы 8 кызматкер эскертүү алды.
Мындай жаза чаралары жарандардан түшкөн 7 кайрылууну текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынды. Ведомствонун борбордук аппаратынын ишеним телефонуна жарандардан 10 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 5 билдирүү боюнча фактылар ырасталды, 3 маалымат такталган жок, ал эми 2 маалымат кароодо турат. Жалпы жонунан биринчи жарым жылдыктын ичинде Салык кызматына ар кандай даттануулар жана сунуштар менен 118 жаран кайрылган, анын ичинен электрондук почта аркылуу 40 кайрылуу келип түштү. Мындан тышкары аймактык салык органдарына түшкөн 62 кайрылуунун ичинен 17 кайрылуу электрондук түрдө жиберилген.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын алты айында МСКнын жетекчилиги 68 жаранды кабыл алган, анын ичинен жеке маселелер боюнча 21, салык мыйзамдары боюнча 31, социалдык маселелер боюнча 7 жана кадр маселелери боюнча 9 жаран кайрылган. Жарандардын бардык кайрылуулары МСК тарабынан өз убагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралып чыкты.