Нью-Йорктогу Манхэттенде боз үйдөй мейманкана ачылды. Бул мейманканада сүрөткө түшкөн коноктор социалдык тармактардагы баракчаларына сүрөттөрүн байма-бай жүктөшүүдө.
Боз үй "W New York" мейманканасынын 17-кабатында жайгаштырылып, тегерегине жасалма чөп төшөлгөн.
"Боз үйдүн ичинен шаардын ызы-чуусун укпай, ачык асман алдында уктоо мүмкүн. Бирок уктоочу бөлмө жакын жерде бар болгондуктан, бул жер конок тосууга ылайыктуу. Боз үйдүн ичинде, сыртында асма шамдар илинген, жаздыктардын түрлөрү, отургучтар бар, андыктан баарлашуу үчүн жагымдуу", - дешет дизайнерлер.
"Бул нерсе жалпысынан Калифорниянын мейманканаларына мүнөздүү. Адамдар ачык абада болгулары келгени менен, ал үчүн көп жумуш жасоого туура келет", - дейт мейманкананы жасалгалаган дизайнер Кимберли Уинтроп.
Боз үйдөй мейманкананы жасоо идеясы "Coachella" музыкалык фестивалына катышуудан улам болгонун айтат "W New York" мейманканасынын маркетинг боюнча менеджери Пабло-Андрес Лопес.
"Боз үй менен анын артындагы фондун карама-каршылыгы өзүнчө кооздук. Мындайды шаардын ортосунда дагы кайсы жерден кыла аласыңар?" - дейт Пабло-Андрес Лопес.
Боз үй ноябрь айына чейин иштеши мүмкүн, анда түнөө 2 миңден 3 миң долларга чейин экени маалым болду.