Жарандарды өз укугун билүүгө үндөгөн "Көз караш" долбоору ишке ашып, чоң көлөмдөгү көз айнек орнотулду

Бишкек шаарында темирден жасалган көлөмдүү көз айнек орнотулду. Идеяны алып чыккандар шаарга көрк кошуп, инфраструктуралык курулуштарга байытуу, мындан сырткары көз айнек аркылуу тургундарды өз укугун билүүгө үндөө максатын көздөшкөн.

"Аталган идеянын жаратуучулары - борбор калаадагы "DOXA" арт тобунун мүчөлөрү. Бул эмгек "Көз караш" долбоорунун алкагында жасалды. Ал укуктарды билүүгө үндөйт", - деп билдирди Борбор Азиядагы дебаттык ассоциациянын координатору Айзада Токтогулова.

"Жаштардын мындай идеясын толугу менен колдоп, борбор калаада жаштар көп жүрүүчү Жаштар аллеясына кооздолуп жасалган көлөмдүү көз айнектин орнотулушуна уруксат бердик. Мындай практика Европа өлкөлөрүндө көп кездешет. Шаардыктарды жана келген конокторду өзүнө тартуу үчүн чыгармачыл адамдар фантазиясына жараша иштеп чыгышат. Мындан ары ушундай жаштар менен иштешүүгө даярбыз", - деп билдирди Ленин районунун акими Нурдин Тынаев.

Ал эми көз айнектин жаратуучусу Сергей Келлер төмөнкүлөргө токтолду: "Мен бул идея боюнча көпкө ойлонуп жүрдүм. Жыйынтыгында досторум менен ишке өттүм. Бүгүн ачылыш аземинде жалпы эл менен эмгегимдин акыбетин көрүп жатам. Көз айнек аркылуу жаштар өз укугу жөнүндө ойлонот деп ойлойм".

Белгилей кетсек, бийиктиги 2,5, туурасы 5, узуну 6 метр келген көз айнек борбор калаада жасалган. Көз айнектин жанына жерге "Өз укуктарыңды коргоо үчүн аны билишиң керек" деген сөз жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
white_angel
2016-07-27 18:10:20
Оиий,соонун го. Наконец то бизде да "необычный" арт объекттер пайда болду.
+1
Aiya-2012
2016-07-27 19:23:00
абдан жакшы . мерияга ушул сыяктуу коломдуу коокорyбузду жана комузyбyзду сунуштайт элем. жана конокторго мааниси тушунуктуу болушу учун англис тилинде да тушундурмо жанында болсо абдан кооздолмок шаар ! ийгилик жана туура кабыл алат деген жана ишке ашат деген умутtоbуз .!!!!!
+1
Futuro3
2016-07-27 21:43:49
Үстүнө чыгып сындырып салышпасын эми. Тиштеп, тээп, чукуп, замаска мененен жазып кеткен өнөр да бизде.
+1
Jyrgal_msk
2016-07-28 00:04:45
Биринчи кыргыз тилинде,анан орус тилинде анан англис тилинде жазса болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан