Талас облусунда адам сатууга каршы иш-чара өткөрүлдү

"Адам сатууга каршы күрөшүү жана эскертүү жөнүндө" мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөөгө алган парламенттин жумушчу тобу Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу 27-июлда ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуулардын алкагында Талас облусунда миграция боюнча эл аралык уюм менен биргеликте "Адам сатууга каршы искусство кербени" маалыматтык кампаниясы уюштурулуп, ага жазуучулар, акындар, кинорежиссёрлор катышты. Эки аптадан ашык убакытка созулган иш-чаранын максаты - адам сатуу көрүнүштөрүнө элдин, өнөр адамдарынын, искусство чеберлеринин, маданият кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик бутактарынын көңүлүн буруу менен андай көрүнүшкө каршы күрөшкө чакырык таштоо экени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан