Кыргыз армиясынын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 10 жылдыгы белгиленди

Кыргыз армиясынын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнө 10 жыл толду. Ага карата 27-июлда
99718-аскер бөлүгүндө салтанаттуу иш-чара өтүп, ага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин, министрликтердин өкүлдөрү катышты. Башкы штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев: "Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары аскердик коопсуздукту коргоодо Куралдуу күчтөрдүн башка кызматчылары менен бирдикте өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоодо өздөрүнүн алдына коюлган милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып жатышкандыгын терең урматтоо менен баса белгилегим келет", - деди.

Иш-чара моторлуу дельтапландын көрсөтмөлүү учуулары жана майрамдык концерт менен аяктаганын билдиришти Башкы штабдан. Белгилей кетсек, Кыргыз армиясынын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы буйругуна ылайык түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kyke08
2016-07-27 17:36:48
менимче экоо эле окшойт го :-)
+1
Jentelman
2016-07-27 18:01:43
Абадан кол салуу....мм..менимче истребителдер(кыргызчасы кандай эле?) жокко э КРда.
0
USSRKG
2016-07-27 18:14:11
Jentelman,истребител абадан коргобойт ал абадан атака жасайт.ПВО бул оружиялар мн абадан коргонуу мумкун эмес.С-300 триумф,Панцер С-1 сыяктуу оружия алуубуз керек.
+2
Elmar
2016-07-27 19:17:49
Абадан соккудан кудай сактасын жерден эле озбектер кирип эле жататко бтрлери менен жерден коргонгула анан бадан коргонойлу....
0
nurikkg88
2016-07-27 19:39:01
Тообо кылыш керек башка айлабыз жок
0
ofiser26
2016-07-27 20:26:33
Товарищ офицери! Поздравляю,Вас.
0
kubat_73
2016-07-27 21:52:42
Аты улук супарасы курук дегендей эле кеп. Жерден коргоно албай атып абадан балээнин коргонобузбу ышпалдасы чыккан эки ракета бир зенитка менен.Ошентсе да майрамынар кут болсун.
+1
dasta
2016-07-27 22:30:25
Оз жерини жамандаган елин суйуп жарытпайт. Ечнерсени билбестен туруп оозунарга келгенди оттой берет екенсинерда кагбутта козунор менен коруп койгондой кыргызтан деле жетилип калды кудайга шугур
+1
Jyrgal_msk
2016-07-28 00:01:41
dasta,Сенде ,,э"деген тамга жокбу не?Баарын ,,е"менен жазып коюпсун.
0
Moskva.kg
2016-07-28 00:59:47
Алга КЫРГЫЗСТАН!!!
+1
tyrgon
2016-07-28 13:00:44
Ислам Каримов кетсе бийликтен ич ара араздашуу башталат озбекстанда.
0
tyrgon
2016-07-28 13:01:33
Имомоли рахмон кетсе такыр ызы чуу ордосу болотго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан