Тоң районундагы Кара-Коо айылынын тургундары депутаттар менен жолугушууда пенсиялык камсыздоо, таза суу көйгөйлөрүн көтөрүштү

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана депутат Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Тоң районундагы Кара-Коо айылынын жашоочулары менен жолугушту. Айыл тургундары бюджеттик түзүмдөрдө иштегендердин маяналарын жогорулатуу, пенсиялык камсыздоо, таза суу сыяктуу көптөгөн көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле Кара-Коо айылында элдин саны көбөйүп жатканына байланыштуу турак жай курууга жерлерди трансформациялоо менен маселени чечүү зарылдыгы айтылды.

Иса Өмүркулов бул маселе Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция жана Мамлекеттик каттоо кызматына 2009-жылы айдоо жерлерине курулган турак жайларды мыйзамдаштырууну максималдуу түрдө ачык-айкын ишке ашыруу милдети жүктөлгөнүн маалымдады. Мындан сырткары айылдыктар дагы бир көйгөйлүү маселени козгошту. Алардын айтымында, айылда акушер-гинекологдордун жетишсиздиги өтө курч турууда. "Ушундан улам Кара-Коо айылынын аялдары райондук, облустук ооруканалардагы акушер-гинеколордорго барууга аргасыз болушууда. Ал үчүн Караколго чейин 160 чакырым, Балыкчыга 35 чакырым жол жүрүүгө туура келет", - дешти айыл тургундары.

Өмүркулов айтылгандар тиешелүү мамлекеттик орган, ведомстволорго жеткирилерин айтты. Ал эми акушер-гинекологдордун таңсыктыгы боюнча көйгөйдү да тезирээк чечип, айылдыктардын түйшүктөрүн жеңилдетүүгө чаралар көрүлөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tyrgon
2016-07-28 12:51:01
Эмнеге минтип эл менен жолуга башташты ыя
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан