Кичинесинде таштарды тизип, аларга ырдап берген Түгөлбай Казаков учурда маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткарууда (резюме)

Кечээ, 27-июлда маданият, маалымат жана туризм министр кызматынан Алтынбек Максүтов бошотулуп, ордуна Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Түгөлбай Казаковду кечээ, 27-июлда министрликтин жамаатына өкмөт аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев тааныштырганын жана бүгүндөн баштап өз кызматына чыкканын Казаков SUPER.KG порталына бүгүн билдирди.

Түгөлбай Казаков тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз:

  • Кичине кезинде короого таштарды тизип алып ырдап берчү. Бирөө көрсө, уялганынан ыйлап жиберчү.
  • 6-классынан баштап гезиттерге макалалары чыгып, 8-класста штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштей баштаган. Ошол кезде Москвадан чыккан “Правда”, “Известия” гезиттерине макала жазчу.
  • Политехтин тоо-кен факультетине тапшырганы менен, окуу жылы жарымдап калганда Искусство институтунун маданий агартуу факультетине тапшырган.
  • Студент кезинде ресторанда музыкант болуп иштеп, институттагы окутуучулардын айлыгынан 3-4 эсе көп тапчу.
  • Шахмат жана бильярдды жакшы ойнойт.
  • Макоолук менен түркөйлүктү көргөндө ошол жерден жарыла ачуусу келип кетет.
  • Мектепте окуп жүргөндө жаман окуган окуучуларды “Эмнеге окубайсың?” деп сабачу.
  • Казактар ырларынын көбүн ырдап жүрүшөт. Ал үчүн композитор казактардан калем акы алып турат.
  • Мектепте Токтогулов болуп окуп, паспорт аларда гана Казаков экенин билген.

"Чыгармачыл адам чындыкты бетке айтып, каяшачыл болуш керек. Мен чындыкты айтам деп Акаевдин маалында канча куугунтукталдым. 2001-жылы 50 жылдык кече өткөрөйүн десем, “ким Казаковго маданий имарат берсе, ошол күнү жумуштан айдалат” деп эскертүү беришкен экен. Башкаларга зыяным тийгенче өткөрбөй эле койгонум жөн деп кала бергем. Ошол кезде бир кыйшык баскан жерим болсо чукуп чыгышмак. Изилдеп жүрүшүп эч нерсе табышпады. Кийин Бакиевдин заманында да чындыкты бетке айтсам, “бул Майрам Акаеванын айылдашы, Акаевдин кадры” деп чыгышпадыбы кашайтып", - деп айткан эле Түгөлбай Казаков "Супер-Инфо" гезитине берген интервьюларынын биринде.

Казаков Түгөлбай Токтогулович 1951-жылы 28-майда Талас районундагы Көпүрө-Базар айлында туулган. Ошол айылдагы Токтогул орто мектебинде, борбордогу №5-мектепте окуган.

1973-жылы - Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн;

1973-1976-жылдары - Ысык-Көл райондук Маданият үйүнүн директору, элдик театрдын режиссёру;

1976-1979-жылдары - Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун кафедра башчысы;

1979-1980-жылдары - Мамлекеттик телерадиодо редактор;

1981-1984-жылдары - башкы редактор;

1984-87-жылдары - "Кыргызтелефильм" студиясында сценардык-редакциялык коллегиянын мүчөсү;

1987-1991-жылдары - Театр ишмерлер союзунда көркөм жетекчи;

1991-жылы - Мамлекеттик телерадиодо башкы редактор;

1992-1993-жылдары - Мамлекеттик телерадионун төрагасы;

1993-1996-жылдары - КРнын Маданият министринин 1-орун басары;

1996-2005-жылдары - "Асаба", "Агым" гезиттеринде баяндамачы, башкы редактордун орун басары;

2005-2007-жылдары - "Алас" гезитинде башкы редактор;

2008-жылдан тарта УТРКда башкы редактор.

Эки китептин автору. 30дан ашуун даректүү фильмдерге, 5 толук метраждуу көркөм фильмге, спектаклдерге музыка жазган. СССР маданиятынын Сомалиде, Швецияда, Финляндияда өткөн күндөрүнүн катышуучусу. Молдовада, Азербайжанда, Иранда, Казакстанда, Тажикстанда жана Кытайда өткөн эл аралык фестиваль-сынактардын лауреаты. Орусиядагы Эл аралык музыкалык коомдун, АКШнын экс-президенти Жеймс Картердин эл аралык комиссиясынын мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
din_tomas
2016-07-28 11:47:32
Дуйно таанымы ото кен мен сыйлаган адамдардын бири. Кызмат ордунуз кут болсун ( давно эле келиш керек болчу)
+6
paula.90
2016-07-28 12:52:50
Мен бул кишини сыйлаар элем,бирок Бек Борбиевдин айтканына кошуламын,мындан кийин жакшы пикирлерди айтып таза иштешине ишенемин.
+2
Nurkyz1977
2016-07-28 15:10:01
Азыркы учурдагы залкар адам туура иштеп калыс болуп маданиятыбыздын осуусуно терен салымын кошот деп ишенели ишинизге ийгилик.
+2
RaHat19
2016-07-28 15:50:19
корогоч акылман адамдардын катарына кирет.Ачык айтып тайманбайт ушундай адамдар ишти жондойалатко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан