SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кыз-Бурак" тобунун ырчы кызынын жолдошунун ойлогон максатын кайрымдуу адамдар ишке ашырышты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: kojo).
"Супер-Инфо" гезитинин №714-санында "Кыз-Бурак" тобунун экс-солисти Замира Тайлакованын жолдошу Акылбек Акматалиев 15 жылдан бери төшөктө жатканы тууралуу макала жарыяланган. Кезектеги видеодо кайрымдуу мекендештерибиз Акылбек Акматалиевдин кызына уюлдук телефон алып берүү тилегин орундатышканы көрсөтүлөт. Акылбек мырза телефонду көрүп, көз жашын кармай албай калган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.