Ажылык сапарга өлкө боюнча 3565 адам 16-августтан тарта жөнөй баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат жыйынында муфтийдин орун басары Эргеш Акимжанов билдирди.
“Уюштуруу иштеринин негизинде бардык баскычтарды туура, так өткөрө алдык. Бул жылы ажылык сапарга чыгуучуларды электрондук каттоодон өткөрдүк. Жалпысынан 4692 адам каттоодон өткөн. Кыргыз Республикасына 3565 адамга квота берилген. Аларды коштоп баруучу муфтият өкүлдөрү жана башка тийиштүү кызматтагы адамдар менен сапарга 3685 адам барат. Быйыл жол акы жана башка чыгымдар 2600 АКШ долларына бааланды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 50 долларга кымбат", - дейт Акимжанов.
Маалыматка ылайык, ажылыкка чыккандар өлкөнүн белгиси түшүрүлгөн кийим кийип жүрүшөт. Ажы башчыларды билим деңгээлин, электрондук сабаттуулугун текшерип тандап алышканы маалым болду.
Ажылык сапарынын алгачкы Бишкек-Медина каттамы 16-августта "Манас" аэропортунан учат. Мындан сырткары дагы 300 адам 17-18-август күндөрү уча турган каттам менен Бишкектен жөнөйт. Калган сапар ала турган жарандар Ош шаарынан учушат. Жалпысынан ажылыкка сапар алгандар Арабия өлкөсүнө 14 каттам менен жеткирилет.
“Ажылык сапарга чыгуучуларды дарылоо курсунан да өткөрдүк. Учурда эмдөө катуу талап кылынып жатат. Ошондуктан сапарга чыгуучулардын баары толук эмдөөдөн өткөрүлдү”, - деп кошумчалады муфтият кызматкери Орозалы Адыранов.
Ажыга барчулар электрондук билерик тагынып жүрүшөт. Мында ар бир адамдын аты-жөнү, өлкөнүн аты, ажылык топтун жайгашкан жери киргизилген. Белгилей кетсек, алар ажылык сапардан 29-сентябрда кайтып келишет.