КҮНСЕРЕП: Баш мыйзам 2020-жылды күтпөй турган болду...

Бүгүн, 28-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына чабуул башталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун атынан парламенттин аппарат башчысына жазылган кат интернетке тарады. Анда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга чыгаруу тапшырмасы берилген. Иса Өмүркуловдун билдиришинче, өлкөнүн негизги юридикалык документин күзүндө референдум аркылуу өзгөртүү сунушталууда. Демилгечилер: КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында Конституцияны өзгөртүү жыйынтыктары жакшы болгон эмес. Өзгөртүүлөрдүн баары “өлкөнүн гүлдөп-өсүшү үчүн” деп түшүндүрүлүп, иш жүзүндө кайсы бир адамдын же топтун кызыкчылыгы үчүн жасалып келген. Жемиши – 2005 жана 2010-жылкы революциялар. Жакында орусиялык басылмалардын бири "президент Атамбаев Конституцияны өзгөртүү менен өлкөнү дагы 4 жыл башкарганы жатат" деген божомолун жазды. Анда Атамбаев мамлекетти парламенттик башкарууга өткөрүү менен жакынкы жылдары премьер-министрликке келүүгө даярданып жатканы айтылган. Кыргыз Республикасын толук парламенттик башкарууга өткөрүп, премьер-министрдин позициясын бекемдөө зарылдыгын Атамбаев өткөн жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышка шайланып келген депутаттардын ант берүүсүндө айткан болчу.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө тийиштүү мыйзам долбоорлору коомдук талкууга чыгарыла элек. Иса Өмүркулов соттук реформаны тездетүү, өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган нормалар каралып жатканын айтты. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин саясаттан кетип, чыгармачылык менен алектенерин айтып келет. Укугу күчөтүлгөнү жаткан премьер-министрлик кызматтын КСДПнын колунан чыгышы кыйын. Кыл чайнаш күзүндө парламент каникулдан келгенде болору күтүлүүдө...

1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга 7 жолу өзгөртүү киргизилген. Акаев 4 жолу, Бакиев 3 жолу өзгөрткөн. Ал эми 2010-жылы 7-апрелдеги революциядан кийин авторитаризмге кайрылуучу жолду бөгөө үчүн кыргыз эли референдум жолу менен жаңы Конституция кабыл алып, аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Ошол мораторий кайсы бир кызыкчылыктар үчүн бүгүн талкаланганы жатат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовду кызматтан бошотуп, ордуна министрдин милдетин аткаруучу кылып Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковду дайындады. Көпчүлүк Максүтовдун кызматтан түшүшүн эмес, ордуна жаңы дайындалган кадрды көбүрөөк сөз кылууда.

Максүтов 2014-жылы министрлик кызматка күтүүсүз шайланган. Эки жыл ичинде министр “иштейм” деген амбициясы жок, кокустан келип калганын тастыктагансыды. Анын тармакты оңдоо боюнча парламентке сунуш киргизип, күйүп-бышып маданият кызматкерлеринин, туризм тармагында иштегендердин таламын талашкан учурлары дээрлик болбоду. Көпчүлүк сындагандай Максүтов кинолордун бет ачарында, концерттерде жүрдү. 2015-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууда Максүтов иштебей жатканы айтылып, КСДПнын ошол кездеги лидери Чыныбай Турсунбеков анын жоопкерчилиги карала турганын билдирген. Жакында “кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарган жок” деп өкмөт башчыдан сөгүш да алган болчу. Кыскасы, "креслону" бошотор маалы келип калган.

Ал эми анын ордуна Түгөлбай Казаковдун дайындалышын айрымдар колдоп, башкалары анын паспорт тууралуу пикирин министрлик кызмат менен байланыштырууда. Казаков паспорттон “улут” деген графаны алып салуу боюнча өкмөттүн демилгесин колдоорун билдиргенде аны сындагандар көп болгон. Эми алар “өкмөттү бекер колдобогон тура” деген пикирлерди айтышууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин сайты хакерлердин чабуулуна кабылды. Маалыматты УКМКдан тастыкташып, бул ишти кимдер уюштурганы иликтенип жатканы айтылды. Кибер чабуулдардан коргонууда мамлекет алсыздык кылып жатабы? Анткени бул жогорку мамлекеттик органдардын сайттарына жасалган биринчи чабуул эмес. 2013-жылы Ички иштер министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, Бишкек мэриясынын, 2014-жылы өкмөттүн, 2015-жылы муфтияттын сайтына хакерлер чабуул кылышкан. Көпчүлүк учурда хакерлер табылбай каларын УКМК менен ИИМ ырастаган. Маалымат технологиясы өнүккөн азыркы заманда хакерлерден коргонуу укук коргоо органдары көңүл бура турган маанилүү иш. Мамлекеттин жашыруун сырлары сакталган негизги мекеменин сайты “кол салууларга” туруштук бере албай жатса, калгандары кантет?

УКМК – өлкөнүн, андагы 6 миллион кыргыздын коопсуздугу. Анын сайтына кол салуунун болушу коомчулукту сестентти. Аны менен катар жакынкы келечекте электрондук иш жүргүзүүгө өтүп жаткан өкмөттүн, масштабдуу долбоор атыккан биометрикалык маалыматтардын коопсуздугунан шек саноону күчөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан