28-июлда Шаар куруу кеңешинин жыйыны өтүп, анда Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн деталдуу пландоо долбоору талкууланды. Мэриядан кабарлашкандай, деталдуу пландоо долбоору 3641 гектар аймакты камтып, Курманжан датка, Ахунбаев, Садырбаев жана Жибек-Жолу кең көчөсү төрт бурчтугун өзүнө алат. План боюнча эки-үч деңгээлдүү жолдорду куруу концепциясы, ошондой эле тарыхый-маданий объектилердин санын көбөйтүү да пландалган.
Деталдуу пландоо долбоорун талкуулоо жана карап чыгуу кийинки жыйында да каралат.