Өзбекстанда жынысын алмаштырууга ниеттенген кыздын денесинен 90 пайыз эркектин гормондору табылган

Өзбекстанда жынысын алмаштырууга ниеттенген кыздын денесинен 90 пайыз эркектин гормондору табылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Ал маалымат булактарынын бирине берген маегинде эркек болууну эңсеп жатканын билдирген. Айым өзүн физикалык жана психологиялык жактан эркек сезерин, бирок документтеринде аял катары жазылганын айткан.

Жынысын алмаштырууга ниеттенип жаткан айым 2009-жылы жеңил атлетика боюнча Өзбекстан чемпиондугун жеңип алган. Медициналык текшерүү учурунда дарыгерлер анын денесинен эркектин белгилери аялдыкына салыштырмалуу көп экенин аныкташкан. Ушул себептерге байланыштуу кыз эл аралык мелдештерге катыша албай келет.

Дарыгерлер кыздын денесинде 90 пайыз эрекектин гормондору бар экенин айтышкан.

"Ташкенттеги Эндокринология борборунда дарыгерлер менин денем аялдыкы эмес экенин билдиришкен. Бала кезимден эле балдар менен көбүрөөк тил табышчумун. Сырткы келбетим жана ички дүйнөм балдардыкындай", - деп билдирген ал.

Жынысын алмаштырууга ниеттенген кыз Анжиян облусунда чоңоюп, соңку 4 жылдан бери Орусияда жашайт.

Ал өз сөзүндө: "Өзбекстанда кыз катары жүрүү өтө оор. Дарыгерлер мени УЗИден өткөрүшүп, организмим аялдыкы эместигин аныкташты. Ага карабай толтура дары жазып беришкен, ата-энем дарыларды ичүүгө мажбурлаган", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
lexus47
2016-07-29 10:15:21
Анаа ссагааа...
-1
sharolli
2016-07-29 10:23:45
Астагфиралаа
-1
Usow
2016-07-29 10:31:43
Тооооагылдым шундай да болобу
-4
12.12.12
2016-07-29 10:40:03
Usow, не деп жазып салдын?
-1
Danik
2016-07-29 10:42:00
оа болот баякы Озбекстанда да баргоо Дилшот дегени ал озу эркек бирок аялча кийинип анан жада калса 10-мин акш долоарында озунун жынысын алмаштырган деп.
-2
Ayida
2016-07-29 11:03:08
Аял боюнда барда узиге тушпой туруп эле оз алдынча уул болот десе же кыз болот десе ичтеги баласын анан мисалы ичиндеги кыз болсо алар аны билбей уул деп уулду болсок деп уулдун кийимин алып кечке уулум дей берсе аялдар ичин коруп аа тоголок экен уул торойсун деп койсо аа уул экен деп алат анан эле кыз торолуп калат.Бирок 9 ай ичинде эненин мамилеси аркылуу уул болуп тарбияланып калат.Анан артынан уул келсин деп уулдун атын Уулбу же Улболсун деп койот.Анан ошентип осуп калат эркеке окшоп.
-13
tolik.84kg
2016-07-29 11:23:20
Ayida,сен ото эле окумуштуу коруносунго.сен айткандай кылуу учун эмне кылыш керек ошонусун да жаза кетсен урматтуу профессор
+9
tatynam_88
2016-07-29 11:38:47
Ayida,сен баарын артта калтырдын го.башындан отконбу дейм?
+4
suranam
2016-07-29 11:28:10
озу менен кетсин!
-2
aigerimosh
2016-07-29 11:29:28
Bulda allahym bergen meenet.Ayla jok
0
admin_portal
2016-07-29 12:04:16
hihikayu, жеке айтышуулар купуяга!
0
begai93
2016-07-29 16:14:13
Тооба!ушундайларды окусам ишене берчу эмнсмин бирок Москвада оз козум менен коруп ишенип атам. Бир кыргыз кыз бар девушкасы менен жашайт девушкасы да кыргыз кыз!озун балдардай алып журот кийингени причёскасы бут баланыкындай жана торговый центрде мужской форма кийип поломоечная машина айдайт! Бирок аларды деле тушунуш керек деп ойлойм, табиятынан ошентип жаратып койсо кыйында
0
MoXiTo
2016-07-29 17:49:32
Ошондо гей лесбилер да ошондой ооруу болуп калабы мине? Тообо
0
Beko87
2016-07-30 17:53:16
Мындай нерсе кыргыздан айланып алыс кетсин!!!оомиин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан